Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын министрлер кабинети менен Япониянын өкмөтүнүн ортосундагы “Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргызстандын министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Жогоруда белгиленген гранттык макулдашуу менен Япония өкмөтү Кыргызстандын министрлер кабинетине “Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоорун министрлер кабинети тарабынан ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн 1 801 000 000 япон йенине чейин грант берет.
Аталган долбоор Кыргызстандын түштүк облустарынын рефералдык ооруканаларына жүрөк-кан тамыр ооруларын жана онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн медициналык жабдууларды берүү жолу менен жугуштуу эмес ооруларды диагностикалоо жана дарылоо жаатындагы потенциалды чыңдоого багытталган.
Бул долбоорду ишке ашыруу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын калкына адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет.