Түштүк Кореяда массалык мушташтан кыргызстандыктар жаракат алды

Коом 6 октябрь 2026 14:25
Түштүк Кореяда массалык мушташтан кыргызстандыктар жаракат алды

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Түштүк Кореянын Пхёнтхэк шаарында массалык мушташ учурунда Кыргызстандын бир нече жараны жаракат алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 3-октябрдан 4-октябрга караган түнү болгон. Кыргызстандын Кореядагы консулу жерине барып, кармалган кыргызстандыктар, Түштүк Кореянын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана медициналык мекемелердин кызматкерлери менен жолугушту.

Учурда жаракат алган жарандардын абалы туруктуу көзөмөлдө болуп, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Ошондой эле жаракат алган жана кармалган кыргызстандыктардын жакындары менен байланыш түзүлгөн.

Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Аталган маселе Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүнө алынды.