Бишкек, 27.08.25 /Кабар/. Түштүк африкалык сүзүүчү Кэмерон Беллами Иссык-Көлдү туурасынан 53 чакырым сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд койду. Бостериден чыккан спортчу 18 саатта Каджы-Сай айылына жеткен. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов билдирди.
Эрденет Касымовдун айтымында, Кэмерон Беллами Гиннестин рекорддор китебине бир нече жолу кирген жана ачык сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк рекордсмендердин бири. Анын уникалдуулугу – көл үстүнөн бир да токтобой, тыным албай сүзүп өткөндүгү болуп саналат.

“Мындай таанымал инсандын Кыргызстанга келиши өлкө үчүн да, туризм тармагы үчүн да өзгөчө мааниге ээ болду. Анткени бул аркылуу өлкөнүн аты чет өлкөлүк ЖМКларда айтылды. Биздин өлкөнү тандап келгендиги үчүн Беллами мырзага ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле Туризм департаменти анын сүзүү аракеттерине административдик жактан колдоо көрсөтүп, коопсуздук чараларын камсыздады. Мындан сырткары, 2030-жылга чейин туризмди туруктуу өнүктүрүү программасында дүйнөгө таанымал инсандарды Кыргызстанга чакыруу жана алардын мисалында өлкөнү дүйнөгө таанытуу багытындагы иш-чаралар каралган. Кэмерон Белламидей белгилүү инсандын келишин ушул демилгенин жандуу мисалы катары баалоого болот. Бул башка чет өлкөлүк адамдарга да шыктандыруучу үлгү берет”, - деди Касымов.

Дүйнөлүк рекордсмен Беллами - 2018-2019-жылдары Барбадос аралын 40 саатта 96 чакырым, андан соң Барбадостон Сент-Люсияга чейин 56 саатта 151 чакырым сүзүп өтүп, ачык сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк рекорддорду багындырган. Ал 2009-жылы Борбор Азияда саякаттап жүргөн кезинде алгачкы жолу Кыргызстанга келип, өлкөнүн кооз жаратылышын жактырып, алдыда дагы да келем деп кеткен. Бул жолку сүзүп өтүүгө расмий статус берүү үчүн ал Ачык сууда сүзүү боюнча Дүйнөлүк ассоциациянын (World Open Water Swimming Association” (WOWSA) расмий өкүлүн чакырган. Атап айтканда, анын бул жолку жеңиши Гиннестин рекорддор китебине катталат.

Суучул бул сүзүүсүн сыноо түрүндөгү сүзүү катары баалады. Себеби, кийинки жылы ал кайрадан Кыргызстанга келип, Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүүнү пландоодо.
“Сүзүүнү 22-августта таңкы саат 5:30да баштагам. Бул маалда Ысык-Көл толук тынч болуп турду. Алгач 20 саатта жетем деп болжолдогом, бирок 18 саатта жетүүгө мүмкүн болду. Башкы максатым — келерки жылы Ысык-Көлдү 170 чакырым аралыкта сүзүп өтүү. Бирок даярдык иштерине байланыштуу бул пландын бир бөлүгү аркы жылдарга жылышы мүмкүн,”- деди ал.
Марафондук сууда сүзүүлөрдүн расмий байкоочусу Элейн Ван Влактын айтымында Белламинин бактысына ошол күнү аба ырайы жакшы болуп, көл дагы тынч болуп турган. Марафондун эрежелерине ылайык, аба-ырайы катаал болуп, катуу толкун болгон учурда спортчу сүзүүсүн токтотууга укуктуу. Муну менен бирге сүзүүгө байланышкан бир катар эрежелер бар.

“Катышуучулар ачык суу үстүндө 10 чакырымдан (6,2 мили) кем эмес аралыкты үзгүлтүксүз жана тынымсыз сүзүп, бир жээктен экинчи жээкке жетиши керек. Ошондой эле сүзүүчүнүн жанында коштоп кетип бара жаткан экипаж, жардамчылар менен эч кандай контакт болбошу зарыл. Алар артынан гана көзөмөлдөп бара алат. Андан сырткары, кийим-кече жагынан дагы чектөөлөр бар. Спорчуга көз айнек, баш кийим, кулак бекиткич, түнкүгө кол чырак колдонууга гана уруксат берилип, атайын кийим жана башка жабдыктарга уруксат жок”,-деди ал.