Төрт тилкелүү жаңы жол: Ош менен Кара-Суунун ортосундагы каттам жеңилдейт

Министрлер кабинети 17 Февраль 2026 16:00
69943ccf88194.jpeg
69943ccdb1499.jpeg
69943cce030bd.jpeg
Алдыга
Артка
69943ccf88194.jpeg
69943ccdb1499.jpeg
69943cce030bd.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушу менен таанышты. 

Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушун көрүп чыкты. Жол 4 тилкелүү болуп курулат, бул унаа тыгынын азайтып, жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Учурда бул жолго республикалык бюджеттен 2,5 млрд сом каралган. 

Министрлер кабинетинин төрагасы курулушту өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.