Түркиянын парламентинде "Бейиш эненин таманында" тасмасы көрсөтүлдү

Маданият Загрузка... 20 Март 2025 15:58
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 20.03.25 /Кабар/. Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынында кыргыз режиссёру Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" аттуу көркөм тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Тасма "Түркия - Кыргызстан" парламенттер аралык достук тобунун төрагасы - Түркия парламентинин Конституциялык комиссиясынын төрагасы Юсуф Беязыт жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги менен биргеликте Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун колдоосу менен көрсөтүлдү.

Тасма Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмундагы төрагалыгына карата көрсөтүлдү.

Иш-чаранын ачылышында Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттарына жана кызматкерлерине Кыргызстандын “Түрк дүйнөсүн бекемдөө: экономикалык интеграциянын мындан аркы абалы, мындан аркы жана келечектүү келечеги” деген ураандын астында өтө турган ТМУга төрагалык кылуунун пландары тууралуу маалымат берип, эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалы жана мындан ары тереңдетүү жана өнүктүрүү перспективалары тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары, Казакбаев депутаттарды президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан негизги саясий жана экономикалык реформалар менен тааныштырып, өлкөнүн алдыга койгон максаттары жана жакынкы келечектеги милдеттери тууралуу кеңири маалымат берди.

Иш-чаранын алкагында Түркия Парламентинин имаратында Кыргызстандын маданий мурасын жана жаратылыш кооздугун чагылдырган сүрөт көргөзмөсү да уюштурулду.