Элчи Руслан Казакбаев Кайсери шаарындагы кыргызстандыктар менен жолукту

Коом Загрузка... 19 Июнь 2025 08:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Кайсери провинциясында жашап жаткан Кыргызстандын жарандары менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, мекендештер менен жолугушуу элчинин Бешинчи эл аралык экономикалык саммитке катышуусунун алкагында уюштурулду.

Жолугушуунун башында элчи Кайсери шаарында кыргыз диаспорасынын "Акмарал" аттуу жаңы бирикмесинин ачылышы менен куттуктап, чет өлкөдөгү мекендештердин биримдигин чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле Руслан Казакбаев Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча элчиликтин ишмердүүлүгү, кыргыз-түрк мамилелеринин актуалдуу маселелери жөнүндө маалымат берди. Жолугушууда билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык колдоо, эмгек укуктары жана маданий демилгелер боюнча маселелер козголду.

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун "Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу, "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыктарынын мазмунун жана маанисин түшүндүрүүгө, ошондой эле Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар кызыккан суроолорун берип, Кайсери шаарында кыргыз маданиятын жайылтуу жана маданий байланыштарды бекемдөө боюнча демилгелер талкууланды.

Иш-чаранын соңунда элчи Казакбаев активдүү жарандык позициясы жана диаспоранын ишине салым кошуп жаткан мекендештерге ыраазычылык билдирип, Элчилик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.