Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Индиянын Түркиядагы элчиси Муктеш Кумар Пардешинин жолугушуусу болуп өттү.
ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Индиянын эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле өлкөлөрдүн Түркия менен өз ара аракеттенүүсү талкууланды.
Ошондой эле тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарына талапкерлерди өз ара колдоо маселелерине көңүл бурушту.
Элчи Руслан Казакбаев маектешине Кыргызстандын туруктуу өнүгүү, тоо экосистемаларын коргоо жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине адаптациялоо жаатындагы демилгелери тууралуу маалымат берди.
Тараптар ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.