Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Түркиянын жээгинде жайгашкан Эгей деңизинен окумуштуулар буга чейин белгисиз болгон эң ири коралл токоюн табышты. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.
Маалыматка ылайык, узундугу эки чакырымдан ашкан бул коралл массиви 70–120 метр тереңдикте жайгашкан.
Изилдөө Түркиянын деңиз изилдөөлөрү фонду тарабынан жүргүзүлүп, экспедицияга заманбап алыстан башкарылуучу суу алдындагы аппараттар жана видеобайкоо жабдуулары колдонулган.
Фонддун президенти Байрам Өзтүрктүн айтымында, мындай көлөмдөгү коралл токою Эгей деңизинде мурда Түркиянын да, Грециянын да жээктеринен катталган эмес. Алгачкы маалыматтарга ылайык, коралл токою дагы терең аймактарга чейин уланып, эл аралык сууларга чейин жетиши мүмкүн.
Окумуштуулар бул аймакта тектоникалык жаракаларды, суу жана газ чыккан жерлерди да аныкташкан. Алардын коралл экосистемасы менен байланышы мындан аркы илимий изилдөөлөрдүн негизги багыты болмокчу.
Изилдөөчүлөр белгилегендей, табылган кораллдар катуу эмес, жумшак кораллдардын — горгониялардын түрүнө кирет. Алардын арасында Жер Ортолук деңизинин батыш бөлүгүндө гана сейрек кездешкен түрлөрү да бар.
Коралл токою көптөгөн балыктар менен омурткасыз жаныбарлар үчүн жашоо чөйрөсү болуп, Эгей деңизинин биологиялык ар түрдүүлүгү өтө жогору экенин көрсөтүп турат. Ошондуктан окумуштуулар бул аймакты келечекте өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймагына айландыруу зарылдыгын белгилешүүдө.
Изилдөөлөр дээрлик он жылдан бери жүргүзүлүп келген эмгектин жыйынтыгы болуп саналат. Табылган кораллдар азырынча жакшы абалда сакталган жана климаттын өзгөрүшүнөн жабыркаганынын белгилери аныкталган эмес.
Изилдөө иштери сентябрь жана октябрь айларында дагы улантылып, окумуштуулар анын тереңирээк бөлүктөрүн жана так чек араларын аныктоону көздөшүүдө.