Түркиялык дарыгерлерге Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары тапшырылды

Коом Загрузка... 31 Июль 2025 20:28
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. Күн мурун Түркиянын «Иненю» университетинин дарыгерлерине президент Садыр Жапаровдун атынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары тапшырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлыктар Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев тарабынан Кыргызстанда органдарды алмаштыруу боюнча татаал операцияларды жасаган университеттин алдыңкы дарыгерлери Ахмет Кызылай, Сезаи Йылмаз жана Адил Башкыранга тапшырылды.

Жолугушууда тараптар билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен «Иненю» университетинин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Медициналык кадрларды даярдоого, биргелешкен илимий жана академиялык программаларды ишке ашырууга, ошондой эле трансплантология тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.