Түркияда мектеп ашканаларында зыяндуу азыктарды сатууга тыюу салынды

Дүйнө 15 сентябрь 2026 09:20
Түркияда мектеп ашканаларында зыяндуу азыктарды сатууга тыюу салынды
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.09.26 /Кабар/. Түркияда жаңы окуу жылынан тарта мектеп ашканаларында энергетикалык жана газдалган суусундуктарды, чипсы, шоколад, куурулган азыктарды, кант, туз жана майы көп таттууларды сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Чектөөгө ошондой эле крем же шоколад кошулган токочтор, сироптуу таттуулар, чийки эт азыктары жана даам күчөткүчтөрү бар продукциялар кирди.

Демилге Түркиянын Айыл чарба жана токой чарба, Улуттук билим берүү, Саламаттык сактоо министрликтери жана Түрк бөйрөк фонду тарабынан биргелешип ишке ашырылууда.

Мектеп ашканаларында талаптарга жооп берген 675 түрдүү азык-түлүктү сатууга уруксат берилет. Алар атайын “туура тамактануу” логотиби менен белгиленет.

Тизмеге жаңы мөмө-жемиштер жана жашылчалар, сүт, йогурт, айран, сыр, жумуртка, дан азыктарынан жасалган нан, суу жана кантсыз сагыз кирди. Тузсуз жаңгактар менен кургатылган жемиштер 30 граммдан ашпаган өлчөмдө, ал эми жаңы сыгылган шире 250 миллилитрге чейин сатылат.

Адистер кант менен тузду ашыкча колдонуу семирүү, кан басымдын жогорулашы жана кант диабетинин коркунучун көбөйтөрүн белгилешүүдө.