Түркияда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган кыргызстандык мекенине кайтып келди - ТИМ

Коом Загрузка... 26 Февраль 2025 16:32
1669618119_14982417_125_0_1192_800_1920x0_80_0_0_19faf6f1440b16792ceb3e5ef5e6150a-1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Түркиянын Анталия шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка нааразы болгон кыргызстандык жаран мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктын мекенине кайтуусуна Анталия шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу активдүү көмөк көрсөткөн. Ошентип, кыргыз жараны Г.К. үстүбүздөгү жылдын 25-февралында баласы менен бирге аман-эсен кайтып келген.

Тышкы иштер министрлиги Г.К.нын укуктарын коргоого жана анын коопсуз мекенине кайтып келишине көмөк көрсөткөн бардык тараптарга ыраазычылык билдирет.

ТИМ чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого бекем берилгендигин тастыктап, кыйын кырдаалга туш болгон жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантат.