Бишкек, 07.08.26 /Кабар/. Түркияда 5G байланыш тармагын колдонгон абоненттердин саны төрт айдын ичинде 44,5 миллионго жетти. Бул тууралуу Казинформ билдирет.
Маалыматка ылайык, 5G технологиясы өлкөгө 1-апрелден тарта коммерциялык негизде ишке киргизилген. Алгачкы эле күнү жаңы муундагы тармакка 21 миллионго жакын адам кошулган болсо, учурда алардын саны эки эседен ашык көбөйдү.
Өлкөнүн транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу белгилегендей, бүгүнкү күндө Түркия калкынын жарымынан көбү 5G кызматын колдонууда. Бул Түркиядагы ар бир экинчи тургун жаңы муундагы байланыш тармагына туташканын көрсөтөт.
Анын пикиринде, жаңы байланыш стандарты автономдуу транспортту өнүктүрүүгө, "акылдуу шаарларды” түзүүгө, өндүрүш ишканаларын автоматташтырууга, ошондой эле саламаттык сактоо, айыл чарба жана экономиканын башка тармактарынын натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.
Белгилей кетсек, Түркия быйыл 5G байланыш стандартын расмий түрдө ишке киргизип, өлкөнүн санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүдө дагы бир маанилүү кадам жасады.