Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Түркия Украинаны калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматка караганда, Түркиянын соода министри Омер Болат түркиялык адистер Украинаны калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө катышып, тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирген.
Омер Болаттын жана токой жана айыл чарба министри Ибрагим Юмаклынын жетекчилиги астында түркиялык делегация күн мурун Киевге барып, бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Анда алар Украинанын президенти Владимир Зеленский, Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль жана башка аткаминерлер менен жолугушту.
Тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилесин өнүктүрүүнү карап, товар жүгүртүүнү 10 млрд долларга жеткирүү максаттарын талкуулады.
Белгилей кетсек, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 2024-жылдын август айында Украина менен эркин соода жөнүндө макулдашууну бекиткен.