Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Түркияда өлкөдө жашаган түрк тилдүү чет элдиктердин ишмердүүлүгүн жөнгө салган президенттик жарлык күчүнө кирди, деп маалымдайт TRTrussian порталы.
Агенттик билдиргендей, документ аларга куралдуу күчтөрдө жана коопсуздук түзүмдөрүндө кызмат өтөөдөн тышкары, мамлекеттик жана жеке мекемелерде эркин иштөөгө жана кол өнөрчүлүк менен алектенүүгө мүмкүндүк берет.
Түрк тектүү чет элдиктер Түркиянын мыйзамдарында белгиленген кесиптик талаптарды сактаган учурда эмгек ишин жүргүзүүгө уруксат алышат. Уруксат берүү чечимин Ички жана Тышкы иштер министрликтеринин пикирин эске алуу менен Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги кабыл алат.
Уруксат алган чет элдиктер Түркиянын жарандары менен бирдей деңгээлде кесиптик бирикмелерге катталууга милдеттүү жана шайлоого катышуу жана шайлануу мүмкүнчүлүгүнөн тышкары, мүчөлөрдүн бардык укуктарынан пайдаланышат.
Мыйзам ошондой эле мындай адамдарды өлкөдө жашоо жана иштөө үчүн Түркиянын жарандыгын алуу талабынан бошотот, бирок аларга саясий укуктарды бербейт.
Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү министрликтерге жүктөлгөн, ал эми аны колдонуу тартиби президенттин токтому менен аныкталат.
Түркиянын Son Mühür порталы билдиргендей, бул өзгөртүүлөр Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Чыгыш Түркстан, Татарстан, Гагаузия, Ахыска (Месхетия) жана түрк дүйнөсүнүн башка аймактарынын жарандарына жайылтылат.