Түркия кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууну канааттануу менен кабыл алды

Саясат 2739 13 Март 2025 23:17
turtsiya.jpg
WhatsApp_Image_2025-03-13_at__n9zAzyX.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
turtsiya.jpg
WhatsApp_Image_2025-03-13_at__n9zAzyX.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Түркия кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууну канааттануу менен кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кабарларды.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда кол коюлган чек ара сызыгын аныктоо боюнча келишимди Түркия республикасы канааттануу менен кабыл алды.

"Эки өлкөнүн жогорку деңгээлде жүргүзгөн тыгыз диалогунун натыйжасында жетишилген бул келишимдин аймактагы тынчтыкка, туруктуулукка жана кызматташтыкка өз салымын кошот деп үмүттөнөбүз",-деп айтылат маалыматта.