Жээнбек Кулубаев Түркия элчиси Доганды дипмиссиясынын аяктагына байланыштуу кабыл алды

Саясат Загрузка... 10 Март 2025 15:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доганды дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда министр Жээнбек Кулубаев кыргыз-түрк боордоштук мамилелерин өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи. Буга байланыштуу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын 2024-жылы Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын маанилүүлүгүн, анын жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын деңгээли Кеңири стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүлгөнүн баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев Кыргызстандагы жемиштүү иши жана кыргыз-түрк стратегиялык мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн элчиге ыраазычылык билдирип, Ахмет Садык Доган тууралуу кыргыз элинде жакын дос катары жылуу эскерүүлөр каларын белгиледи.