Түркия менен Кыргызстандын 35 жылдык достугу тууралуу китеп эки тилде жарык көрдү

Коом 1 сентябрь 2026 20:00
IMG_1984.jpeg
GVN05546.jpg.jpeg
GVN05554.jpg.jpeg
GVN05849.jpg.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1984.jpeg
GVN05546.jpg.jpeg
GVN05554.jpg.jpeg
GVN05849.jpg.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган президент Садыр Жапаровго Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата атайын даярдалган "Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгында Түркия-Кыргызстан мамилелери" аттуу китепти белекке берди. Бул тууралуу Анадолу агенттиги жазды.

Китеп президент Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында Садыр Жапаровго берилет.

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы 35 жылдык мамилелердин тарыхын ар тараптуу камтыган мындай көлөмдүү эмгек эки өлкөнүн ортосунда алгачкы жолу жарык көрдү. 544 беттен турган эмгек түрк жана кыргыз тилдеринде даярдалган. Китепте Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы 35 жылдык достук, бир туугандык жана ар тараптуу кызматташтык ар түрдүү багыттар боюнча кеңири талданган.

Китептин чыгышына Түркиянын Адилет жана өнүгүү партиясынын Түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча төрагасы, профессор доктор Күршад Зорлу демилгечи болду. Ал эмгектин даярдалышына жетекчилик кылып, эки өлкөнүн 35 жылдык мамилелерин тарыхый, саясий, экономикалык жана маданий өңүттөн камтыган бирдиктүү изилдөө эмгегин түзүүгө демилге көтөргөн.

Анын демилгеси менен даярдалган китепке Түркиядан жана Кыргызстандан мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар жана академиктердин эки өлкөнүн мамилелеринин негизги багыттарын камтыган 11 макаласы киргизилди.

Эмгекте соода-экономикалык жана энергетикалык кызматташтык, эл аралык мамилелер, маданий байланыштар, тил жана алфавит жаатындагы кызматташтык, адабий байланыштар, билим берүү жана башка багыттар кеңири каралат.

Китептин өзгөчөлүктөрүнүн бири — анын баш сөзүн Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган өзү жазган.

Президент Эрдоган баш сөзүндө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин убакыттын өтүшү менен институционалдашып, эки тараптуу байланыштардын алкагынан чыгып, Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы көп тараптуу кызматташтык механизмдери аркылуу кыйла кеңири деңгээлге жеткенин белгилейт.

"Бүгүнкү күндө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер жеткен деңгээлде өз ара ишенимдин, жалпы тарыхты жана маданиятты түшүнүүнүн, ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн жалпы келечегине карата күчтүү эрктин маанилүү орду бар", — деп белгилейт Эрдоган.

Түркиянын президенти ошондой эле президент Садыр Жапаров менен түзүлгөн өз ара түшүнүшүүнүн негизинде эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер мындан ары дагы тереңдей тургандыгына ишеним билдирет.

"Урматтуу досум жана бир тууганым — президент Садыр Жапаров менен түзгөн өз ара түшүнүшүүбүздүн салымы менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер мындан кийинки мезгилде дагы тереңдей тургандыгына ишенимибиз бекем", — деп жазат Түркиянын президенти.

Эрдоган ошондой эле эмгекти Түркия менен Кыргызстандын көп жылдык достук жана бир туугандык мамилелерин ар түрдүү илимий багыттардын көз карашынан караган баалуу изилдөө катары баалайт.

Ал эмгекти даярдоого салым кошкон АК партиясынын Түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча төрагалыгынын кызматкерлерин, академиктерди жана мамлекеттик кызматкерлерди куттуктап, китеп эки өлкөнүн ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болоруна тилек билдирет.

Китептин демилгечиси Күршад Зорлу “Кабар” агенттигине эмгектин эки тилде даярдалышынын өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди.

"Биз бул эмгекти Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына атайын даярдадык. Китеп Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы 35 жылдык достукту, бир туугандыкты жана ар тараптуу кызматташтыкты чагылдырган маанилүү эмгек болуп саналат. Китептин баш сөзүн президентибиз Режеп Таййип Эрдоган өзү жазды", — деди Зорлу.

Анын айтымында, китепте эки өлкө үчүн маанилүү болгон негизги багыттар адистер тарабынан кеңири талданып, Түркия-Кыргызстан мамилелеринин өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги комплекстүү каралган.

"Китептин түрк жана кыргыз тилдеринде жарыяланышына өзгөчө маани бердик. Экономика, энергетика, билим берүү, маданият, тил жана адабият сыяктуу негизги багыттар адистер тарабынан кеңири талданды", — деди Күршад Зорлу.

Ал ошондой эле китептин арткы мукабасына эки өлкөнүн президенттеринин Түрк дүйнөсүнүн биримдиги жана ынтымагы тууралуу маанилүү сөздөрү жайгаштырылганын белгиледи.

"Бул билдирүүнүн өзү эле Түркия-Кыргызстан мамилелери менен катар эки президенттин Түрк дүйнөсүнүн биримдигине жана ынтымагына берген маанисин көрсөтүшү жагынан көңүл бурууга арзыйт", — деди Зорлу.

Күршад Зорлу Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелердин тарыхын кеңири камтыган мындай эмгек эки өлкөнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө жана келечектеги кызматташтыкты өнүктүрүүгө маанилүү салым кошоруна ишеним билдирди.

Эмгек Түркия менен Кыргызстандын 35 жылдык мамилелерин системалуу түрдө изилдеген, эки өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлери жана академиктеринин эмгектерин бириктирген маанилүү басылма болуп саналат.