Түрк инвесторлору Кыргызстандын кайсы тармактарына кызыгат? Элчи менен маек

Маек Загрузка... 22 Декабрь 2025 15:05
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бүгүн "Кабар" агенттиги Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем менен баарлашып, эки өлкө ортосундагы мамилелерди талкуулайбыз.

Өткөндө журналисттер менен болгон жолугушууңузда Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи болуп таанып, Бишкекке элчи жөнөткөн алгачкы өлкө болгонун айткансыз. Бүгүнкү күндөгү кыргыз-түрк мамилелерин кандай баалайсыз? Эки өлкөнүн келечектеги кызматташуусу үчүн кайсы тармактарды эң чоң потенциалга ээ деп эсептейсиз?

Чоң рахмат, кош келдиңиздер. Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле абдан канааттандырарлык деңгээлде өнүгүп жатат. Мамилелерибиз ар тармакта уланууда. Өткөн жылы президентибиз Түрк мамлекеттери уюмунун саммитинин алкагында Кыргызстанга келди, ошондой эле эки өлкө ортосунда эки президенттин төрагалыгында жогорку деңгээлдеги Стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйыны өткөрүлдү.

Бул жыйында Түркия жана Кыргызстан мамилелери жалпы камтуучу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарылды. 19 келишимге кол коюлду. Эки өлкөнүн президенттеринин бул жыйында койгон максаттардын негизинде биз иштөөнү баштадык.

Биздин Кыргызстан менен мамилелерибизде жогорку деңгээлдеги сапарлар да чоң мааниге ээ. Ишибизде алардын багыттоосу жолубузду жарык кылууда. Көптөгөн жогорку деңгээлдеги иш сапарлары уланып жатат. Парламентибиздин төрагасы, Түркия Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш 2025-жылдын апрелинде Кыргызстанга иш сапары менен келди. Эки өлкө ортосунда парламенттер аралык кызматташтык маселелери талкууланды. Бул кызматташтык маселелери менен катар Кызматташтык протоколуна да кол коюлду. Бул мамиле, Кыргызстандын жаңы парламентинин мүчөлөрү менен да эң жогорку деңгээлде улантыларына ишенебиз. Биз да муну колдойбуз.

Кыргызстанда жакын арада өткөрүлгөн шайлоолордун тынч жана тартиптүү өткөнүн кубануу менен көрүп жатабыз. Бул үчүн кыргыз өкмөтүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана бардык кызматкерлерди, кыргыз элин куттуктайбыз. Жакшылыктарга себеп болсун деп тилейбиз.

Андан кийин ушул эле жылдын 18-сентябрында вице-президентибиз Жевдет Йылмаз Кыргызстанга келди жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин коногу болду. Бул сапардын алкагында келген делегация мүчөлөрү менен бирге Соода жана экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өткөрүлдү. Бул жыйынга Кыргызстанга келген бир нече министрдин орун басарлары да катышты жана тиешелүү документтерге кол коюлду. Мамилелерибизди ар бир тармакта өнүктүрүүнү көздөйбүз жана бул багытта кыргыз досторубуз жана кыргыз өкмөтү менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү биздин негизги максатыбыз.

Ошол эле учурда көп тараптуу платформаларда да кызматташуубуз уланууда. Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) - бардык бир тууган өлкөлөрдү, бардык түрк мамлекеттерин бир жерге бириктирген өтө маанилүү уюм болуп эсептелет. Бул уюмдун алкагында бардык секторлордо мекемелерибиздин ортосунда кызматташтык иштери жүрүп жатат жана ар тармактагы жыйындар өткөн жылы Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмундагы төрагалыгы учурунда өтө ийгиликтүү түрдө уланды. Биз бул жыйындардын ийгилиги жана жемиштүү жыйынтыктары үчүн кыргыз өкмөтүн куттуктайбыз. Бул жылы төрагалыкты Азербайжанга өткөрүп беришти. Азербайжандан кийинки жылы төрагалыкты биз өткөрүп алабыз.

Мындан тышкары, баарыбызды бириктирген көптөгөн башка өзүнчө уюмдар да бар. Алардын бири — ТҮРКСОЙ. ТҮРКСОЙдун башында дагы бир кыргыз бир тууганыбыз, башкы катчы Султан Раев турат. Анын иштерине да кубануу менен көз салып, колдоп келе жатабыз. Ошол эле учурда парламент мүчөлөрүн бириктирген ТҮРКПА парламенттик ассамблеясы бар. ТҮРКПАнын алкагында да парламентарийлерибиз эл өкүлдөрү катары эки элдин жана жалпы түрк дүйнөсүндөгү, түрк мамлекеттеринин элдеринин ортосунда “элден-элге” байланыштын түзүлүшүнө жол башчылык кылып келүүдө.

Эл аралык уюмдарда жана башка уюмдарда да бири-бирибизге колдоо көрсөтүп келебиз. Эки өлкө тең мүчө болгон Бириккен Улуттар Уюмунда, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунда, ошондой эле эки өлкө тең мүчө болгон башка бардык уюмдарда да бири-бирибизди колдойбуз. Түркия менен Кыргызстандын достугу жалгыз гана эки тараптуу мамилелерде эмес, эл аралык деңгээлде да өзүн көрсөтүүдө. Жемиштүү натыйжаларга жетишип жатабыз.

Экономика тууралуу айта турган болсок, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы экономикалык жана инвестициялык кызматташтык кандайча өнүгүп жатат? Түрк инвесторлору үчүн Кыргызстандын кайсы тармактары өзгөчө кызыктуу жана эмне үчүн?

— Эгер белгилей турган болсок, Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган алгачкы өлкө. Кыргызстанга элчисин жиберген алгачкы өлкө. Ошондуктан Кыргызстан менен байланышыбыз, мамилебиз ошол күндөн бери ар бир тармакта уланып келе жатат.

Мунун эң башында, албетте, экономика жана соода тармагындагы мамилелерибиз турат. Эки элдин жалпы жыргалчылыгы үчүн иштеп келе жатабыз. Биздин Түрк мамлекеттер уюмундагы принцибибиз да ушундай: эки элдин өз ара боордоштугу, тең эгемендүүлүгү жана тең өнөктөштүгү үчүн иштейбиз.

Ошондуктан эки тараптуу экономикага жана эки элге тең пайда алып келчү инвестициялар үчүн түрк ишкерлери өтө активдүү иштеп жатышат. Мисалы, соода жүгүртүүбүз 1,5 миллиард доллар деңгээлинде. Соода жана инвестиция тармагында Түркия ар дайым Кыргызстан үчүн алдыңкы беш өлкөнүн арасында болуп келген. Соода жүгүртүүнү президенттерибиз максат катары көрсөткөн 5 миллиард долларга алдыдагы жылдарда чыгаруу үчүн аракет кылып жатабыз.

Мисалы, өткөн күндөрдө Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы Түркияга иш сапары менен барды. Эки тараптуу соода мамилесин жеңилдетүү үчүн өз ара келишимдерге кол коюлду.

Дагы карап көрө турган болсок, 1,5 миллиард долларлык соода жүгүртүүдөн тышкары түрк жеке инвестицияларынын көлөмү да ушул суммага жетти. Кыргызстандагы түрк жеке инвестицияларынын суммасы 1,4 миллиард долларга жетти. Муну менен катар, мамлекеттик инвестициялар да бар. Мамлекеттик инвестициялар деген эмне? Мисалы, Кыргыз–Түрк “Манас” университети бар. Түркиянын Кыргызстанда мектептери бар, орто мектептери, лицейлери бар. Ошол эле учурда кээ бир университеттерде биз колдогон факультеттер да иш алып барат. Ошондой эле Түркиянын Маариф фондунун мектептери жана Кыргыз–Түрк “Достук” ооруканасы бар. Бул оорукана президент Садыр Жапаровдун каалоосу менен, президентибиз Режеп Тайып Эрдогандын демилгеси менен ачылып, Режеп Тайип Эрдоган ысымы ыйгарылган. Бул жагынан алганда, мамлекеттик инвестициялардын жалпы суммасы да 1 миллиард долларга жетти. Бул — аз эмес. Азыр Түркия тарабынан болжол менен 350 түрк фирмасы Кыргызстанда активдүү иштеп жатат. Түрк–Кыргыз ишкерлер ассоциациясын түзгөнбүз. Түрк жана кыргыз өнөктөштөрү бир ассоциациянын алдында иш алып барып жатышат.

Маанилүү инвестициялар катары айтылган финансы секторунда Демирбанк бар. Ал өтө активдүү иштеп жатат. Ошондой эле ар бир сектордо маанилүү инвестициябыз бар. “Этибакыр Терексай” — Терек-Сайда "Кыргызалтын" менен биргелешип алтын өндүрүүдө. Бишкектин борборунда жайгашкан Шератон мейманканасы жана "Бишкек Парк" бар. Алар, эң маанилүү инвестициялардын бири. “Орто Азия Инвестмент Холдинг” бар. “Кудрет Көз” ооруканасы бар. “Кока-Кола” компаниясы бар. Булардын баары Түркиянын Кыргызстанга канчалык чоң баа берерин көрсөтүп турат.

Кен иштетүү, энергетика, анын ичинде жашыл энергия, азык-түлүк иштетүү, логистика, туризм инфраструктурасында чоң потенциалды көрүп жатабыз жана түрк ишкерлеринин инвестициялары улантылып жатат. Бул мисалдардын бири — мисалы, “Бета Групп” чоң инвестиция салууда. Болжол менен 100-150 миллион доллар көлөмүндө инвестиция жасап, жаңылоо иштерин жүргүзүүдө. Бишкектин эң жакшы жеринде, борборунда жаңы чоң борбор куруп жатышат. Ошондуктан бул инвестициялардын улана берерин айта алабыз.

Маданият тармагы тууралуу сөз кыла турган болсок, учурда эки өлкөнүн ортосунда кайсы маданий долбоорлор жана гуманитардык демилгелер артыкчылыктуу болуп саналат жана маданий мамилелер эки элдин ортосундагы ишенимди жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого кандай деңгээлде салым кошууда?

Маданий тармакта да биздин мамилелерибиз абдан жакшы деңгээлде. Бул жагынан алганда ТҮРКСОЙ түрк мамлекеттеринин арасында бул тармакта өтө маанилүү милдеттерди аткарып келүүдө. Ортоκ маданиятка ээбиз. Тамырыбыз орток. Тилибиз орток, тарыхыбыз орток. Ушул ынтымак, ушул биримдик биздин мындан ары жаңы кадамдарды таштообузга бекем негиз түзөт.

Менин оюмча, бул мамилелерди эки тараптуу келишимдер жана эки тараптуу иштер менен дагы да алдыга жылдыра алабыз. Мисалы, Юнус Эмре маданий борборубуз Бишкекте ачылды. Бүгүн ишмердүүлүгүн улантып жатат. Бул борбор түрк маданиятынын Кыргызстандагы бир туугандарыбыз менен бирге иш алып баруу, таанытуу иштерин аткарууда маанилүү ролго ээ.

Ошол эле учурда Кыргызстанга багытталган эки тараптуу жана техникалык жардамдарыбыздын маанилүү бөлүгүн да маданият түзөт. Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) Түркиянын жардамдарынын алкагында маданий тармакта да, социалдык тармакта да абдан пайдалуу долбоорлорду ишке ашырды. Кыргызстанга маданий жана техникалык тармактарда көрсөтүлгөн жардамдар болжол менен 1 миллиард долларга жетти.

Ошондуктан бул иштерди улантпай коюу үчүн эч кандай себеп жок. Биз үчүн эң приоритеттүү тармак — орток маданиятыбызды бирге өнүктүрүү тармагы.

Баарыбызга белгилүү болгондой, Түркия туризм чөйрөсүндөгү ири өлкөлөрдүн бири. Бул жагынан алганда, Кыргызстан Түркиянын тажрыйбасынан эмнелерди үйрөнө алат?

Кыргызстан — абдан кооз өлкө. Кыргызстанга келип, Кыргызстанды көрүп, жактырбаган адам жок. Тоосу менен, жайлоосу, дарыялары, кооз табияты менен жана эли менен кыргыз эли абдан меймандос. Кыргыз элинин жүрөгү түрк элинин жүрөгү сыяктуу коноктору менен бирге согот. Конокторун ар дайым өзгөчө сыйлашат. Кыргыздар да, түрктөр да ошондой.

Ошондуктан биз бул жагынан Кыргызстан дүйнөнүн туризм борборлорунун бири боло алат деп ишенебиз. Албетте, айрым толукташ керек болгон нерселер бар. Түркия да өз учурунда ушундай этаптарды башынан өткөргөн. Бизде да деңиз бар, тоо бар, маданият бар, спорт бар. Бирок туристтерге сапаттуу кызмат көрсөтүү учурунда айрым кемчиликтерди да толукташыбыз керек.

Мисалы, эң биринчиси — туризм сезонун 12 айга созулуучу түрдө уюштуруу зарыл. Жай бар, кыш бар, жаз бар, күз бар. Ошондуктан ар бир сезонду каалаган турист ар башка. Кээ бирөөлөр жайында келгиси келсе, кээ бирөөлөр кышында эс алганды жактырат. Кыргызстанда бул муктаждыктардын баарына жооп бере турган, жылдын бардык айларында барып көрүүгө мүмкүн болгон жерлер бар.

Караколго барсаңыз — лыжа тебесиз, бул кышкы туризм. Жайында тоолорго чыксаңыз — түшкүңүз келбейт. Күзүндө табият өзгөчө кооз. Жазында гүлдөр ачат — Баткендеги Айгүл, Сон-Көлдөгү кара жоогазын гүлдөйт. Кыргызстандын кооздуктарын ар бир айда таанытуу керек.

Бул үчүн инфраструктура зарыл. Туристтер эмне каалайт? Ыңгайлуулукту каалайт. Турист барган жеринде сапаттуу мейманканада жашагысы келет, жакшы жолдор, жакшы ресторандар болуусун каалайт. Мен көрүп жатам, кыргыз туризм секторунда чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Биз бул жааттагы өз тажрыйбабызды Кыргызстан менен бөлүшүүгө даярбыз.

Дагы бир жакшы жагы — Кыргызстанга чоң пайда алып келе турган нерсе: Түркияда жайкы сезондо болжол менен 20–30 миң кыргыз бир тууганыбыз Түркиядагы туризм секторунда иштеп жүрөт. Бул адамдар, бул жаштар — кыргыз балдары, менимче, Кыргызстандын туризминин келечеги. Алар Түркияда алган тажрыйбаларын бул жакка алып келип жатышат. Көптөгөн жаңы нерселерди Кыргызстанга киргизип жатышканын көрүп жатабыз. Алар бул жакка келип ресторандар, кафелер, ишканалар, мейманканаларды ачышууда. Түрк туризм сектору менен кыргыз мекемелеринин ортосунда кызматташтык үчүн көпүрө түзүлүүдө. Түрк инвесторлору да Кыргызстандын туризм секторуна чоң салымдарын кошкусу келет.

Мейманканаларыбыз: Новотел — түрк-кыргыз өнөктөштүгү, Шератон болсо, түрк инвестициясы. «Достук» мейманканасын жаңылоо үчүн жаңы түрк инвестору келди. Ошондуктан мен эки өлкөнүн туризм секторлорунда бири-бири менен бөлүшө турган, бири-биринен үйрөнө турган көп нерселер бар деп ойлойм.

Дипломатиялык миссияңыз тууралуу айтып бере аласызбы? Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги катары бул жерде иштеген убактыңызда кандайдыр бир максаттарды же милдеттерди койдуңузбу? Бул тууралуу кененирээк айтып бере аласызбы? Кыргыз-түрк мамилелери 5-10 жылдан кийин кандай болот деп элестетесиз?

Албетте, бул абдан маанилүү нерсе. Биздин Кыргызстан менен ортобуздагы мамилелер “мамлекеттен мамлекетке” эле эмес, “элден элге” да уланып жатат. Бул 5–10 жыл ичинде, буга чейинки 30 жылда жетишилгендер мындан ары дагы тезирээк уланат деп ойлойбуз. Кыргызстан жана Түркия — эки бир тууган өлкө, эки бир тууган мамлекет.

Биз Кыргызстандын дипломатиялык жактан эл аралык деңгээлде көрүнүктүүлүгүн, таанымалдуулугун арттыруу үчүн дайыма колдоп келдик. Түркия–Кыргызстан мамилелеринин дипломатиялык багытында кол коюла турган ар бир келишимге кол койдук. Эң башынан бери арабызда көптөгөн негизги келишимдерге кол коюлган. Жаңылары боюнча иштер жүрүп жатат. Айрым эскилерин жаңылоо үчүн да өзүнчө иштер жүргүзүлүүдө.

Түркия жана Кыргызстан географиялык жайгашуусу боюнча регионубуздун эки учунда турат деп айта алабыз. Кыргызстан эң чыгышта болсо, Түркия эң батышта. Башкача айтканда, достук көпүрөсүнүн эки тиреги — Кыргызстан жана Түркия.

Ошондуктан Кыргызстан менен Түркиянын достук көпүрөсү бүтүндөй регионду камтый турган жакындыкты түзөрүнө, анын ичинде казак бир туугандарыбыздын, өзбек бир туугандарыбыздын, түркмөн бир туугандарыбыздын, азербайжан бир туугандарыбыздын, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын, атүгүл Венгриянын да болоорун айта алабыз. Түркия жана Кыргызстан бул географиянын эки учунда туруп, бүтүндөй аймакты кучагына алган эки өлкө.

Кыргызстанда түрк мектептерин жана түрк университеттерин бүтүргөн студенттер көп. Билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтык келечектеги өнөктөштүктү камсыз кылууда кандай роль ойнойт?

Билим берүү - биздин кызматташтыкта маани берген биринчи тармагыбыз. Эгер кыргызчасын айта турган болсок: Бул балдар — биздин балдарыбыз. Биздин билим берүү тармагында жасаган эң маанилүү иштерибиздин бири — 30 жыл мурун Түркия Республикасы, Кыргызстан жана башка бир тууган өлкөлөрүбүз көз карандысыздык алынганда баштаган биринчи долбоорубуз эле. Ал — «10 000 студент» долбоору. Бул долбоорду Түркия баштаган. Ушул «10 000 студент» долбоору аркылуу жылдар ичинде Түркияда бүгүнкү күнгө чейин миңдеген студент, анын ичинде Кыргызстандан да беш миңден ашык студент билим алды. Азыр да Түркияда эки миңден ашуун кыргызстандык студент Түркия университеттеринде билим алып жатат. Булардын баары стипендия менен окушат. Баары акысыз билим алып жатышат. Бул абдан маанилүү.

Ар жыл сайын 300дөн ашуун студентти Түркияга стипендия менен жөнөтүп жатабыз. Алар Түркиянын ар кайсы университетинде абдан ийгиликтүү билим алып жатат. Бул студенттер Кыргызстанга кайтып келгенде маанилүү тармактарда иштеп жатышканы, иш орундарын ачып жатканы, администрацияда жана өкмөткө ишке кирип жатканы бизди абдан кубандырат. Бул Кыргызстандын муктаж болгон адам ресурстарын, билимдүү кадрларын даярдоо үчүн чоң өбөлгө түзөт.

Бул жылы биринчи жолу “Кыргыз Жылдыздары” программасын баштадык. Түркчөсү «Кыргыз Йылдызлары», кыргызчасы да «Кыргыз Жылдыздары» деп аталат. Тилибиз бир. Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай топтоп, биринчи 50гө кирген 11 студент Түркиядагы университеттерди тандашты. Алар үчүн өзгөчө стипендия программасы түзүлдү. Дагы кеңири мүмкүнчүлүктөр берилүүдө.

Бул студенттер Түркиядагы университеттеринен тышкары Европанын белгилүү университеттерине да кыска мөөнөттү барып келип, тажрыйба топтоп, дипломдорун алышат жана аларга эки эсе стипендия берилет. Мындай шарттарды түзүп жатканыбызга кубанычтабыз.

Албетте, булардан тышкары, билим берүү жаатындагы иштер бир гана Түркияда жүргүзүлүп жаткан иштер менен чектелбейт. Түркия жана Кыргызстандын ортосундагы билим берүү кызматташтыгынын эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири — Кыргыз–Түрк «Манас» университети. 1995-жылы негизделгенинен бери бул университетти 14 миң студент бүтүрдү.

Мен Кыргызстанда элчилик кызматымды баштагандан бери дээрлик бардык облустарды кыдырдым. Барган ар бир жеримде — акимиаттарда, администрацияларда, мейманканаларда — дайыма "Манастын" бүтүрүүчүлөрүнө жолуктум. "Манастын" бүтүрүүчүлөрү бүгүн ар кайсы маанилүү тармактарда ийгиликтүү иштеп жатышат.

Учурда болжол менен 7000 студент окуп жатат. Манас университетинин эң маанилүү өзгөчөлүгү — акысыз билим берүү. Баары бекер окушат. Ошондуктан бул университет биз бирге ийгиликтүү ишке ашырган кызматташтыктын даана үлгүсү болуп эсептелет.

Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин Чыңгыз Айтматов кампусунда бүгүн 7000 студент билим алууда. Бул келечек муундарга да чоң пайда алып келет деп ойлойбуз.

Билим берүү иши "Манас" университети менен эле чектелбейт. Бүгүн Кыргызстандагы ири университеттердин дээрлик бардыгында түркчө курстар бар. Кыргыз балдары келип ТӨМЕРден түркчө курстарды окуп жатышат. Кыргыз улуттук университетинде, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, Ош, Жалал-Абад шаарларында да түркчө курстарыбыз иштөөдө.

Студенттер түркчө үйрөнүп жатышат. Эки тилдин жакындыгына байланыштуу, чындыгында, азыр эл YouTubeдан эле түрк сериалдарын көрүп жатат, түрк фильмдерин көрүп жатат жана түркчөнү ошол жактан эле өздөштүрүп жатышат. Ошондуктан бири-бирине жакын эки тилдин бизге берген күчү менен билим берүү программаларыбызды эч токтотпой, тескерисинче күчөтүп улантууга чечкиндүүбүз.

Бир жагынан университеттерибиздин ортосунда Түрк дүйнөсүндө Түрк Академиясы бар. Академиялык кызматташтык жана академиялык мобилдүүлүк үчүн «Орхун» программасы бар. Ошондой эле Юнус Эмре Институтубуз өз ишмердүүлүгүн улантат.

ТИКА да кыргыз лицейлеринде борборлорду ачып берүүдө — мисалы жашыл энергия, шамал жана күн энергиясы тармактарында.

Демек, билим берүү, маданий жана социалдык байланыштардын уландысы, орток баалуулуктардын сакталуусу мындан ары да биргеликте улантылат.

Кыргызстан менен Түркия Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында кызматташтыгын дагы кантип күчөтө алышат?

Түрк мамлекеттери уюмунда көңүл бурушубуз керек болгон бир нерсе бар. Биз эмне каалайбыз? Биз — бир элдин уул-кыздарыбыз. Алтайдан бирге чыгып жолубузду улантканбыз. Биз да кыргызбыз, балким. Балким кыргыздар да түрк. Ошондуктан биздин каалаганыбыз — тилибизде, пикирибизде бирбиз, эми иште да бир болушубуз керек. Бири-бирибиздин жакшылыгыбыз үчүн иштешибиз керек.

Мисалы, бир мисал келтирейин. Бүгүнкү доордо «байланыш», «коннективити» деген түшүнүк пайда болду. Өлкөлөрдү транспорттук байланыш аркылуу бири-бирине байланыштырышыбыз керек.

Бүгүн карап көрсөк, орток коридор долбоору бар. Кытайдан Кыргызстанга темир жол долбоору башталды. Бул жол — Кытайдан Кыргызстанга, Кыргызстандан Өзбекстанга, Өзбекстандан Түркмөнстанга, андан ары Каспий аркылуу Азербайжанга, Азербайжандан Түркияга барат.

Азыр эле айттым: эки өлкө — бул географиянын эки учун бири-бирине байланыштырып турган көпүрө деп. Кыргызстанда башталды, Түркияда бүтөт. Ошондуктан бул — Түрк мамлекеттери унутпашы керек болгон маселе. Биз — бир кемердин үстүндө жайгашкан, бири-бири менен байланышкан үй-бүлөбүз.

Бул жагынан алганда, Кыргызстан жана Түркия бул байланышты түзүүдө, кызматташтыкта стратегиялык өнөктөш болуп саналат.

600 миллион доллар өлчөмүндөгү капитал менен Түрк инвестиция фондун түздүк. Бул фонд жакында өз ишин баштайт. Азыр биз бул жерде сүйлөшүп жатсак, бизден 200 метр ары жактагы мейманканада Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Түрк инвестиция фонду боюнча жыйын өтүп жатат.

600 миллион доллар биздин өлкөлөргө кошумча өнүгүү алып келет, мүчө өлкөлөрдүн ишкерлер дүйнөсүнө зарыл болгон каржы менен камсыз кылат.

Мындан тышкары башка иштерибиз да бар. «Тилде, пикирде, иште бирдик» деген эмне? Анын ички мазмунун толтурушубуз керек. Мисалы, орток алфавит боюнча долбоорубуз бар.

Билишибиз боюнча, Казакстан латын алфавитине өттү. Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан да өттү. Түркияда да ушул алфавит колдонулууда. Кыргызстан да орток алфавитке көнсө, орток тил боюнча арабыздагы тоскоолдуктардын дагы бири жоюлат.

Мисалы, улуу устат Чыңгыз Айтматовдун Ак Кеме чыгармасы орток алфавит менен басылган тунгуч китеп болду. Эми аны бир кыргыз да окуса, түрк да окуса — бир эле китепти окуган болот. Муну алдыдагы убакта дагы да күчөтүшүбүз, жеңилдетишибиз керек.

Бирок сүйлөшкөндө тилибиз мурунтан эле бир. Мен бүгүн Бишкекте соода кылганы көчөгө чыксам да, базарга барсам да, сүйлөшүүдө эч маселе болбойт. Мен кыргызча суроо берем, ал мага түркчө жооп берет. Бул — мен үчүн чоң жеңилдик, чоң кубаныч.

Ошондуктан бул нерсенин алдыдагы жылдарда дагы да бекемделүүсүн каалайбыз.

Түркиялык компаниялар Кыргызстандагы ири инфратүзүмдүк борборлорго, энергетика, жол куруу, транспорт жана логистика сыяктуу тармактарда активдүү катышуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатабы?

Албетте. Муну билүү керек: түрк ишкерлери бул жерде ар бир секторго, ар бир ишке кирүүгө даяр. Болгону, алар иштешүү үчүн өкмөттөн болсун, кыргыз ишкерлеринен болсун, бир өнөктөш таап, бирге иш алып барышы жетиштүү.

Энергетика боюнча Түркиянын бул жерде жасаган иштеринин саны көп. Азыр “Орто Азия Инвестмент Холдинг” тарабынан эки чоң суу сактагыч болгон Казарман жана Көкөмерен боюнча иштер улантылууда. Ушул эле сыяктуу, кен казуу жана минералдар тармагында да чоң фирмаларыбыз бар. Азыр эле айттым: «Этибакыр–Терексай» алтын өндүрөт. Ошондой эле сурма кенин иштеткен "Дуваташ" фирмасы бар. Алар иштеп жатышат.

Булардан сырткары, жолдор жана инфраструктура боюнча түрк ишкерлери дүйнөдө алдыңкы бештикке кирет. Түрк подрядчиктеринин маанилүү өзгөчөлүгү катары абдан тез иштеп, ишке бат киришишкендигинде. Бат баштап, бат бүтүрүшөт. Мисалы, Африкада, Азияда, Россияда — бардык жерде түрк ишкерлери, түрк куруучулары иштеп жатышат.

Мындан тышкары, соода тармагында да түрк ишкерлери дайыма активдүү. Азыр эле айтып өттүм, алар туризм секторунда да өтө активдүү. Ар бир тармакта, эми жаңы технологиялар боюнча да — санарип дүйнө, электрондук өкмөт багытында — Түркиянын чоң долбоорлору жана жетишкен ийгиликтери бар. Бул тажрыйбаларды кыргыз бир туугандарыбыз менен бөлүшүүгө биз даярбыз.

Сиз Кыргызстанда көптөн бери иштейсиз. Мурда да келип-кетип жүргөн экенсиз. Азыр да иштегениңиз бир жылга жакындап калыптыр. Ошо Кыргызстанда сизди таасирленткен, сизге мүмкүн аябай жаккан же тескерисинче жакпаган нерселер жөнүндө айтып берсеңиз. Көңүлүңүздө, эсиңизде эмнелер калды?

Бул багыттан карай турган болсок, эгер Кыргызстандын экономикасы, соода тармагы, социалдык жашоосу боюнча сөз кыла турган болсок, эки өлкөнүн ортосунда биздин көңүлдү калтырган же капа кылган маселелер эмес, көбүнчө, толукталышы керек болгон гана маселелер бар экенин айта алабыз.

Толукталышы керек болгон маселелер эмне дей турган болсок, мисалы, арабызда кол коюлушу керек болгон бир келишим болушу мүмкүн, же кандайдыр бир көйгөйлүү маселе болсо — биз муну өз ара диалог аркылуу чечилиши керек болгон маселелер деп карайбыз. Мисалы, бир фирмабызга тиешелүү маселе жаралып калды дейли. Бул маселелерди чечиш үчүн кыргыз досторубузга кайрылабыз. Алар да муну карап-көрүп, ойлонуп, “муну кантип чечиш керек, кандай жол менен жөнгө салыш керек?” деп чын ыкластуу түрдө өз аракетин кылышат. Бул кылган аракеттери бизди абдан кубандырат.

Ошондуктан ортобузда көңүл калтырган эч кандай маселе жок, тескерисинче — диалог бар. Эгер бир проблема болсо, эң жакшы нерсе — аны бирге отуруп сүйлөшүп чечүү эмеспи.

Ошондуктан Кыргызстанда бизге эң жаккан нерсе, эң жакшы көргөн нерсебиз - ушул: Маселелерди бир тууганча отуруп сүйлөшөбүз, бир тууганча чечебиз.

Маегиңизге чоң рахмат. Ушуну менен коштошолу эми. Жакшы туруңуз.

Рахмат. Чоң рахмат.