Ысык-Көлдүн түбүн ондогон жылдар бою каптап келген синтетикалык торлордон тазалоо иштери бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү миссияга айланды. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдү соңку беш жылдан бери синтетикалык торлордон тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирген. Өлкө башчысы Фейсбук социалдык тармактагы баракчасында бул ишке ИИМдин, ӨКМдин, Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери тартылып, жайы-кышы дебей, көл үстүндө торлорду тазалап жатканын жазган. Бул татаал жана кооптуу жумушту аткарган суучулдардын күндөлүк ишмердүүлүгү көлдүн экосистемасын сактап калууга багытталган. Ысык-Көлдү тазалоодогу жагымсыз көрүнүштөр, браконьерлерге каршы күрөш жана тазалоо иштеринин жыйынтыктары тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар кызматынын башчысы Сабыржан Аламанов “Кабар” маалымат агенттигине маек берди.

— Алгач президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Ысык-Көлдү тазалоо иштеринин башталышында көлдүн абалы кандай эле?
— Ысык-Көлдү тазалоо иштерин 2023-жылдын март айында Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагынан баштаганбыз. Анда учурдагыдай иш тажрыйбабыз жок, ар кандай ыкмаларды колдонуу менен кара күчкө салып иштедик. Бирок, башында тазалоо биз ойлогондой болгон жок. Тазалоо иштерин баштаганда биринчи көлдөн чоң кемелерди алып чыгып, торлор аз чыккан. Мында торлор аз эле экен деп ойлодук. Көрсө Ысык-Көл айыл аймагынан тор көп салынбайт экен. Андан кийин ордубузду которуп Түп районундагы булуңдарга киргенде анык чырмалган тор башталды. Ал жерде суунун үстү торлорго толуп, суунун алдына кирүүнүн кажети жок экен. Биз колдонгон кемелер улам торго оролуп, техника бузулуп, бир жерден жыла албай иштеген күндөр болду. Ордубуздан жылбай кичинекей аянтты бир күн кечке тазалайт элек. Азыр салыштырмалуу тажрыйба топтоп, министрлик тараптан Суучулдар кызматына материалдык жардамдар көрсөтүлүп, тазалоо иштерине ылайык болгон техникаларды ала баштадык. Көлдүн үстү көпкөк болуп көрүнгөнү менен ар кандай таштандыларга толуп калган. Салыштырмалуу көл азыр тазарды, мурункудай көлөмдө тор жок. Мурда кадам сайын кездешсе, учурда чоң чарчы аянттарды бөлүп, торлорду издеп чыгаруудабыз. Ал кезде бир торду чыгарабыз деп чубалып, өзүбүз торго оролуп калчубуз. Суучулдун кычкылтеги бүтүп калбаса экен деп кайгырып, шаштырган учурлар болду. Ошондуктан биринчи жыл менен азыркы жылдагы жумушту салыштырып болбойт.

— Бүгүнкү күндө да жаңы тор салгандар барбы?
— Быйыл менин практикамда жаңы тор салгандар кездешкен жок. 2023-жылы эски торлор алынгандан кийин 2024-жылы кайра жаңы тор сала башташкан. Ошентип, 2024-жыл браконьерлер менен күрөшү жылы болду. Биз күндүз тазаласак, алар түнү тор салып кетишкендиктен, түнү да чыгып иштөөгө туура келди. Мисалы, былтыр, быйыл андай торлор жок. Көбүнчө тереңдикте калган торлорду тазалоодобуз. Негизи көлдүн бардык жери эле тор эмес, балыктар көп болгон белгилүү бир жерлерине салынган. Так айта албайм, 15-20 жыл же канча бир жылдар бою үстү-үстүнө калып калган торлорду чыгаруудабыз. Тазалоо башталган 2023-жылдары чыгарылган торлордун көлөмү көп болсо, учурда көлөмү аз да салмагы оор. Эски торлорду таш, ылай, чөп, балырлар менен кошуп сууруп чыгаруудабыз. Бир торду чыгарыш үчүн 3 адамдан кезектешип, аз дегенде 15-20 мүнөт убакыт кетет.

— Азыр Ысык-Көл торлордон, таштандыдан канчалык деңгээлде тазаланып, “дем алып” калды?
— Бүгүнкү күндө салыштырмалуу көлдүн булуң-бурчтары тазаланып, түбү ачылды. Браконьерлердин үстү-үстүнө салынып унутулуп калган, толкун айдап кеткен торлорун тазалап, суунун көп жерлерин ачып койдук. Ошондон улам Ысык-Көлдүн ичиндеги балыктардын көбөйүшү бардык аймактарынан көрүнө баштады. Президент да айтып келгендей, торлорду өз каалооңор менен тапшыргыла деп бай-бай элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Браконьерлер 100% жоголду деп айта албайм, бирок мурдагыдай болбосо да саналуу кездешет. Мисалы, 2023-жылы жумуш башталган кезде бир айылда эле 100-200 кайык бар экендиги айтылган. Бул кайыктардын бардыгы көлдүн үстүнө аңчылыкка чыгат дегенди түшүндүрөт. Азыр тиешелүү органдар тарабынан иштер жүрүп, мындай аңчылыктарга, мыйзам бузууларга жол берилбейт.

— Браконьерлерди “калкаалагандар” тууралуу кептер бар, аларга карата кандай чаралар көрүлүүдө?
— Убагында андайлар болуптур, алардын айрымдары иштеген ишибиз жок, балык уулап жан багабыз деп бизге да келишкен. Үстүнөн карап “калкаалагандарды” өз көзүм менен көргөн жокмун, бирок бөлүшүп иш кыларын угуп эле жүрдүк. Бизди коркуткан күндөр да болду. Мыйзамга ылайык, кайыгын, торун алып өз ишибизди аткарып келе жатабыз. Бул саналуу эле 5 кишинин кызыкчылыгы экен. Мисалы, ушул торлордун кесепетинен канчалаган адамдардын, ошол эле браконьерлердин сууга чөгүп кеткен учурлары болгон. Канча адам келип суу бетинде дайынсыз жоголгон жакындарынын сөөгүн сурады. Убактылуу жеңил акча деп аңчылык кылышканы менен жогорудан алып карасак, бул жаратылышка гана эмес көп багытта зыян алып келген көрүнүш. Синтетикалык тор чирип жок болбойт, канчалаган жылдар бою зыянын тийгизе берет.

— Өз көзүңүз менен күбө болгон торлордун көлдүн экосистемасына тийгизген терс таасирлери тууралуу айтып берсеңиз?
— Чынында көлдүн ичинен эски торлорду алып чыгууда абдан көп жагымсыз көрүнүштөргө күбө болдук. Балыктан баштап башка жаныбарлардын торго чырмалып, жагымсыз жыттанып кеткен калдыктарын көп чыгардык. Жумушубуз болгондуктан сууруп чыгып, тазалайбыз. Ошонун жытына эле жиркенип, канчабыз ооруп, аягында жытка деле маани бербей калдык. Балык, канатуулардын калдыгы эле эмес, биз көлдөн торго оролгон койлорду, уй да чыгардык. Бул эми айрым учурлар, көлдүн бардык жери эле ушундай эмес. Таза, кооз, жаратылышы суктанаарлык, суусу тунук жерлери да арбын. Быйыл болбосо да, кийинки жылдан көлүбүз толук тазаланып, таза көлдөрдүн бири болот деп ойлойм. Көлдүн тазарышы менен жаныбарлары да көбөйүүдө. Мисалы, 2023-жылга салыштырмалуу азыр Түп районунда суунун астында балыктар, үстүндө ак куу, өрдөк сыяктуу канаттуулар көбөйдү. Дагы бир 3-4 жылда мындан да көбөйөт деп ойлойм.

— Көлгө тор салган адамдарды кимге салыштырат элеңиз?
— Мыкаачы эле го дейм... Күчтүүсү алсызына үстөмдүк кылган өңдүү. Балык көлдүн кайсы жеринде байырлаарын билип, так ошол жерлерге тор жайып келишиптир. Керек болсо браконьер өзү салган торун барып карагандан эринип, торун караткан кызмат пайда болгон экен. Жыйынтыктап айтсам, эгер көл ушунчалык деңгээлде тазаланбаса таштандыга айланып калмак. Синтетикалык тордо балык, жан-жаныбарлар чырмалып чирип, көлдүн үстүндө жагымсыз аралчалар пайда болмок. Көлдүн үстүндө мындай калдыктар чогулуп жер сыяктуу боло баштаган таштандылардын топтомун алып чыкканбыз. Тазалоо иштерин жүргүзбөсөк, көл таштандыга толуп, сазга айлануу менен суу астындагы жан-жаныбарлар кырылып жок болмок. Анткени, көл өзүнчө чоң экосистема катары өзүнүн балансы сакталышы керек. Белгилей кетсем, биз иштеген убакытта көлдүн бетине жайса, жарым аянтын ээлей турган 540 миң чарчы метр тор чыгардык. Бул биз эле чыгарган тордун көлөмү. Бизден башка министрликтер да канчалаган торлорду чыгарып жатышат. Мекенибиздин бермети болгон Ысык-Көлүбүздү сактайлы!