Эки тараптуу мамилелерге жаңы динамика: Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Загрузка... 23 Апрель 2026 22:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде Россияга болгон иш сапарынын алкагында Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-орус өз ара аракеттенүү маселелери талкууланып, муну менен катар соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү каралды.

Тараптар регионалдык күн тартибиндеги маселелер жана көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү боюнча позициялары тууралуу пикир алышты.

Президент Садыр Жапаров жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Владимир Путинди үстүбүздөгү жылдын 31-август – 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышууга чакырды.

Өз кезегинде Владимир Путин чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Россия тараптын интеграциялык бирикмелердин алкагында активдүү өз ара аракеттенүүгө берилгендигин, ошондой эле алардын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча күч-аракеттерди координациялоону жана практикалык кызматташтыкты мындан ары да арттырууга даяр экендигин ырастады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында лидерлер кыргыз-россиялык кызматташтыкка кошумча динамика берүүгө жана өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча биргелешкен демилгелерди ырааттуу илгерилетүүгө өз ара багыт алышканын билдиришти.