Кыргызстандын тарыхында алгачкы жер семирткич чыгаруучу завод Ош облусунун Ноокат районунда курулууда. Жалпы наркы 260 млн долларды түзгөн бул долбоорду ишке ашыруу келишимине 2023-жылдын май айында эки тараптуу кол коюлган. Заводдун расмий ачылышы үстүбүздөгү жылдын 31-августунда — Эгемендүүлүк күнүндө күтүлүүдө. Белгилей кетсек, кытайлык инвесторлор заводду 30 жыл иштеткенден кийин заманбап технология менен жабдуу менен Кыргызстанга өткөрүп беришет. 10 жылдан бери ишке ашпай келген бул долбоордун уникалдуулугу, ишке ашыруудагы өзгөчө модели жана өлкөдөгү инвестициялык климат тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, ишкер Абдыжапар Бекматов “Кабар подкаст” берүүсүндө кеңири айтып берди.

— Кыргызстанда алгачкы жолу жер семирткич өндүрүүчү завод курулуп жатканы белгилүү. Жалпы ушул долбоор, инвесторлорду тартуу аракеттери тууралуу айтып берсеңиз?
— Биздин көйгөйлөрдүн бири өлкө боюнча бир жерде да жер семирткич чыгарылбайт. Кошуна Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүдө өндүрүлөт да, бизде эмне үчүн өндүрүлбөйт деген суроо жаралган. Жер семирткич чыгаруучу чийки зат деле бизде бар экен. Көрсө бул өзүн-өзү абдан жай актай турган, көп салымды талап кылган тармак экен. Кытайлык ишкерлер аркылуу башка бир инвесторго чыгып жатып, Кыргызстанда жер семирткич өндүрүү боюнча ири долбоор менен иштеп баштадым. Бул иш башталганына туура 10 жылга жакын убакыт өтсө, анын ичинен 2023-жылдан тарта иш кадыресе башталды. 2023-жылдын май айында Кытайдын Сиань шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен кытайлык бир компаниянын ортосунда жалпы суммасы 260 млн долларга инвестициялык келишим түзүлдү.

— Долбоордун алкагында учурда кандай иштер жүрүп жатат?
— Бүгүнкү күндө Ош облусунун Ноокат районунда аталган жер семирткич чыгаруучу заводдун курулушу жүрүп жатат. Заводдун Ноокатка курулуп жатканын себеби, ал жерде жер семирткич чыгаруу үчүн керектелген чийки зат бар. Ал жердин жер кыртышындагы көмүргө чейинки катмарында гумин деген катмар болот. Бул химиялык эмес, органикалык-минералдык гуминдик аралашма жер семирткич негизги чийки зат катары колдонулат. Негизи заводдо эки линия болсо, бүгүнкү күндө бир линия курулуп, монтаждоо иштери аяктап калды. Мында бир линиянын кубаттуулугу бир жылда 100 миң тонна жер семирткич чыгарууга ылайыкталган. Ошондой эле 100 миң тоннага ылайыкталган дагы бир линия курулат. Кийинки үчүнчү этапта азоттук кошулмалар менен чыгарыла турган үчүнчү линия болот. Биринчи, экинчи этапта өзүбүздүн керектөөлөрүбүзгө толук жете турган болот. Кыргызстандын жалпы минералдык, азоттук жер семирткичтерге болгон жылдык керектөөсү 300 миң тоннага жетпейт. Ал эми курулуп жаткан заводдун кубаттуулугу 500 миң тоннаны түзөт. Тажикстанда да мындай өндүрүш жок болгондуктан, Баткен, Алай, Чоң Алай аркылуу ал жакка экспорттоого мүмкүнчүлүк жаралат.

— Долбоорду ишке ашыруу жылдап созулуп келсе да курулуш башталыптыр, эми качан ишке берилет?
— Бизде жети өлчөп, бир кес деген сөз бар, кытайлар жетимиш өлчөп да кеспей коюшу мүмкүн экен. Ошол да 10 жылдан бери созулуп келгенине себеп болду. Өндүрүш азыркы күндө чечүүчү бир этапка келип калды. Учурда бизде жок чийки заттарды Казакстан, Өзбекстан, Россиядан алып келүүнүн үстүндө иштер жүрүп жатат. Адистер курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Алдыда толук кубаттуулук менен үч линия ишке кирсе 2 миң киши иш менен камсыз болот. Бул ири каражат сарпталуу менен ишке ашып жаткан чоң долбоор курулуш, эксплуатациялоо жана өткөрүп берүү модели менен иштейт. Анткени, 30 жылда технология алмашып, техника эскирет. Кытай тарап заводду 30 жылдын ичинде иштетип, андан кийин өлкөгө бекер таштап кетет. Иштеп жаткан 25 жылдан кийинки акыркы 5 жылдыгында ошол убактагы заманбап технологияны заводго киргизип, андан кийин бизге өткөрүп беришет. Мындайча айтканда, заводду Кыргызстанга жөн эле таштап кетишет. Белгилей кетсек, долбоор 4 компоненттен туруп жер семирткич өндүрүүдөн тышкары үрөөнчүлүк чарба, айыл чарба машиналарын куруу боюнча да иш алып барат. Андан тышкары, фермерлерди каржылык жактан колдоо дагы бир компонент боло алат. Завод 31-август - Эгемендүүлүк күнүндө ишке кирет.

— Бизде учурга чейин мындай завод болбогондуктан, адистерди даярдоо, кадр маселеси кандай чечилүүдө?
— Заводго тиешелүү кадрларды даярдоо боюнча Ош технологиялык университети менен биздин Кытайдагы компания келишим түздү. Аталган окуу жайдын базасында адистерди даярдоо боюнча окуу курсу ачылып, паралеллдүү иш жүрүп жатат. Учурда химиялык өндүрүштө иштей турган адистерди университеттин базасында даярдоодобуз. Мында кытайлык мугалимдер менен биздин мугалимдер тажрыйба алмашуу менен биргеликте иш алып барууда.

— Долбоорлу ишке ашыруудагы убакыт көп нерседен кабар берип тургандай. Инвестиция тартууда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?
— Туура айтасыз, биздеги бюрократияны эч ким жокко чыгара элек. Биринчиси бизге көз каранды нерсе системабыздын аябай бюрократиялашып кетиши. Бул маселе мисалы, инвесторду тартканды билбегендик эмес, туруктуу системанын болбогондугунда. Мисалды, биздин жаратылышыбызга инвестор кайдыгер карап, кыйып өтө албайт. Туризмди өнүктүрүүгө, айыл чарбасы, мал чарбасы болобу бардык тармактар үчүн инвесторлор абдан көп. Эң негизгиси инвесторду тартканыбыз менен системанын жоктугу маселе болуп жатат. Шартыбыз жакшы дегенибиз менен инвестициялык климатты жакшыртпасак, бир түстүү кылып айтып бергенибиз, презентация жасаганыбыз жөн эле нерсе болуп калат. Бизде туруктуу система болуш керек экен. Ушул долбоор менен жүрүп системанын ошондой эле мыйзамдардын туруктуу болбогону иштин жүрүшүн кыйындата турганын билдим. Кийинки негизги маселе, менчиктин укугуна болгон кепилдик сөзсүз болуш керек экен. Эми учурдагы саясат инвестор үчүн жагымдуу шарт түзүү. Мамлекеттик органдарды инвестор келип алып кыдырбашы керек. Мисалы, Эстонияда мамлекеттик кызмат көрсөтүү 99% онлайн форматта жүрөт. Биз да ошондойго өтүшүбүз керек. Учурда менин сүйүнгөнүм президент өзүнүн дебюрократизация боюнча жарлыгы менен атайын жумушчу топ түзүп, этап-этабы менен иштей турган система түздү.