Жай мезгили жакындап калгандыктан, көптөгөн адамдар диета кармап, популярдуу кошумчаларды ичүүнү чечип, тез арыктоого шашылат. Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун диетологу Марина Дүйшөнкулова "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде, эмне үчүн коопсуз тез арыктоо болбой турганын жана кайсы ыкмалар чындыгында жардам берерин айтып берди.

— Жай мезгилин утурлай арыктоонун кайсы ыкмалары нутрициология боюнча эң коопсуз деп эсептелет?
— Нутрициология көз карашынан алганда, коопсуз тез арыктоо деген жок. Физиологиялык жактан туура арыктоо гана бар. Бул ар дайым үч компонентти камтыйт: орточо калория тартыштыгы (күнүмдүк муктаждыктын болжол менен 10-20%), жетиштүү белок, клетчатка, майлар жана үзгүлтүксүз физикалык активдүүлүк.
Мен муну көбүнчө жөнөкөйлөтүп түшүндүрөм: эгер сиз бул диетаны бир жума эмес, жок дегенде бир нече ай кармана алсаңыз, анда бул коопсуз ыкма. Ден соолукка пайдалуу арыктоо көрсөткүчү жумасына 0,5-1 кг түзөт. Эгер сиз тез арыктасаңыз, бул ден соолукка коркунуч туудурушу мүмкүн.
— Тез арыктоого аракет кылган адамдар кандай каталарды көп кетиришет?
— Эң көп кездешкен катаны айта турган болсок, адамдар калорияны кескин азайтып, кээде 800-1000 ккалга чейин түшүрүп, углеводдорду же майларды рациондон толук алып салып, ашыкча машыгууга өтүшөт. Организм муну стресс катары кабыл алат да, ага жооп катары зат алмашууну жайлатат, ачкалыкты күчөтөт. Бул өз кезегинде салмак кошууну ого бетер тездетиши мүмкүн. Адам жашоо образын өзгөртпөй, жөн гана диета кармаганда, натыйжалар туруксуз болот.
— Ден соолукка пайдалуу тез арыктоо деген түшүнүк барбы же бул мифпи?
— Башында тез арыктоо чын эле болушу мүмкүн, бирок бул негизинен май эмес, суюктук жана гликогендин жоголушунан улам болот. Физиологиялык жактан майдын жоголушу — акырындык менен жүрүүчү процесс. Эгерде арыктоо өтө тез болсо, биз көп учурда булчуңдардын жоголушун жана гормоналдык өзгөрүүлөрдү байкайбыз.
— Детокс-диета, моно-диеталар канчалык натыйжалуу?
— Организм диеталык детокско муктаж эмес, анткени бизде бул функцияны аткарган боор жана бөйрөк бар. Мындан тышкары, мындай практика азык заттардын жетишсиздигине жана ден соолукка зыяндуу тамактануу адаттарынын калыптанышына алып келиши мүмкүн.
— Учурда активдүү жарнамаланып жаткан май кетирүүчү каражаттар жана кошумчалар менен арыктоо мүмкүнбү? Алар канчалык коопсуз?
— Бүгүнкү күнгө чейин май кетирүүчү деп аталган каражаттар арыктоого олуттуу пайда алып келери жөнүндө медициналык далилдер жок. Тескерисинче, ар кандай оорулардын пайда болуу коркунучу бар.
— Коомдо арыктоо үчүн эмне маанилүүрөк деп көп талаш-тартыштар болуп келет: тамактануубу, спортпу же уйкубу?
— Мен үчөө тең маанилүү деп айтар элем. Булардын бири-бирисиз натыйжасы аз болот.
— Эмне үчүн адамдар диета кармагандан кийин көп учурда кайра салмак кошушат?
— Адамдар өздөрүн убактылуу чектешет, бирок жүрүм-турумун өзгөртүшпөйт. Диета аяктагандан кийин алар мурунку тамактануу рационуна кайтып келишет. Натыйжада, жоготкон салмагын кайра кошуп алышат. Ошондуктан психологияны, ой жүгүртүүнү жана жашоо образын өзгөртүүгө аракет жасоо зарыл.
— Көпчүлүгү кечки саат алтыдан кийин тамактанбоого аракет кылышат, бирок эмне үчүн бул ыкма дайыма эле иштей бербейт?
— Анткени мында тамактануу убактысы эмес, күнүмдүк жалпы калория балансы маанилүү. Эгер адам кечки саат алтыдан кийин тамактанбаса, бирок күн бою ашыкча калория алса, ал арыктабайт. Мындан тышкары, көптөр үчүн мындай катуу чектөө ачкалыктын күчөшүнө жана стресске алып келет. Ошондуктан рационалдуу мамиле — тамак-ашты күн ичинде ыңгайлуу бөлүштүрүү, анын ичинде зарыл болгон учурда кечинде да жеңил тамактануу кажет.