Төрөбаев Ташкентте “Борбор Азия – Европа биримдиги” экономикалык форумуна катышты

Министрлер кабинети 27 Ноябрь 2025 09:45
692717f4c07ac (2).jpeg
6927180e02e18.jpeg
692718082d714.jpeg
692718081c931.jpeg
692717feb3be8.jpeg
692717feaa9fc.jpeg
Алдыга
Артка
692717f4c07ac (2).jpeg
6927180e02e18.jpeg
692718082d714.jpeg
692718081c931.jpeg
692717feb3be8.jpeg
692717feaa9fc.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 27.11.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Өзбекстандын Ташкент шаарында “Борбор Азия – Европа биримдиги” үчүнчү экономикалык форумуна катышты.

Форумда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, экономика, жашыл энергетика, транспорт, маанилүү кен байлыктары сыяктуу бир катар тармактарда аймактар аралык кызматташуунун чыңдоонун жана өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле, форумдун алкагында Бакыт Төрөбаев Евробиримдиктин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы учурдагы кызматташтыгы сүйлөшүлдү. Анда, Төрөбаев Кыргызстанда олуттуу долбоорлорду ишке ашырууда Европа Биримдиги жана Европа институттары тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалады.