Төрөбаев: Кыргызстан “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолунун курулушун активдүү жүргүзөт

Министрлер кабинети 25 Сентябрь 2025 18:45
68d5334e7d7e1-thumb.jpeg
68d5335e07fb8-thumb.jpeg
68d5335e131a1-thumb.jpeg
68d533540995c-thumb.jpeg
68d533540055b-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68d5334e7d7e1-thumb.jpeg
68d5335e07fb8-thumb.jpeg
68d5335e131a1-thumb.jpeg
68d533540995c-thumb.jpeg
68d533540055b-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 25.09.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай мамлекеттик темир жол корпорациясынын башкы директорунун орун басары Ван Лисин баштаган Кытайдан келген делегация менен жолукту.

Жолугушууда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу практикалык баскычка өткөнү айтылды. Учурда тоннелдерди казуу, убактылуу инфраструктураны куруу, негизги уюштуруу жана административдик маселелерди чечүү боюнча иштер жүрүүдө. 

Ошондой эле, министрлер кабинети долбоорду ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, тиешелүү мамлекеттик органдар менен координациялык кеңешмелер такай өткөрүлүүсү жана курулуштун бардык этаптарында экологиялык жана коопсуздук эрежелерин сактоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканы айтылды.  

Мындан тышкары, кыргыз тарап кытайлык өнөктөштөр менен мындан аркы конструктивдүү кызматташууга ишенимин билдирди. Долбоордун бардык катышуучулары тарабынан улуттук мыйзамдарды, кесиптик этиканы жана коомдук тартипти сактоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө бул долбоордун алкагындагы негизги багыттар болгон жүк ташуу көлөмүн болжолдоо, темир жол адистерин даярдоо Академиясын ачуу, Торугарт, Макмал, Жерге-Тал жана Жалал-Абад экономикалык аймактарын түзүү сыяктуу маселелер талкууланды. 

Тараптар долбоордун келечекте узак мөөнөткө туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн азыркы этапта көтөрүлгөн маселелерди биргелешип изилдөөнү баштоону макулдашты.

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев инвестициялык келишимге ылайык долбоорду ишке ашырууда иштеген кыргызстандыктардын үлүшүн көбөйтүүнү сунуштады. Ал ошондой эле жергиликтүү жеткирүүчүлөрдөн товарларды жана кызматтарды сатып алуу артыкчылыктуу экенин белгиледи.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу – бул келечекке жол. Бул биздин достугубуздун, өнөктөштүгүбүздүн жана туруктуу өнүгүүгө болгон умтулуубуздун символу. Биз макулдашылган аракеттер долбоордун мүмкүн болушунча натыйжалуу ишке ашырылышына биздин бардык элдерибиздин жыргалчылыгына жол ачарына ишенем. Бул стратегиялык коридор, ал аймактарды бириктирет, сооданы кеңейтет жана миллиондогон адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", – деп сөзүн жыйынтыктады Бакыт Төрөбаев.