Төрөбаев: Биз көчөт, урук экспорттоочулар макамын кайра кайтарышыбыз керек

Коом Загрузка... 28 Февраль 2025 16:06
WhatsApp Image 2025-02-28 at 12.16.03.jpeg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Биз беде, кант кызылчасы, жүгөрү, жашылча, ошондой эле мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн экспорттоочу статусун кайтарып алышыбыз керек, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Бишкекте өткөн "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда өсүмдүк селекциясынын жана үрөнчүлүк өсүмдүктөрүнүн ролу" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда.

Анын айтымында, мында ата мекендик илимдин ролу аныктоочу болушу керек.

"Дүйнөлүк тажрыйба жана болуп жаткан өзгөрүүлөр илим чөйрөсүндө түпкү реформаларды талап кылат. Бүгүнкү күндө илим натыйжалуу, атаандаштыкка жөндөмдүү болуп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түздөн-түз салым кошушу керек. Илим жаңы идеялардын, инновациялык технологиялардын жана заманбап чечимдердин башаты болушу зарыл. 

Анткени, учурда селекциянын заманбап ыкмалары, анын ичинде геномдук редакциялоо жана молекулярдык генетика жаңы сортторду түзүү процессин тездетүүгө мүмкүндүк берет. Бул климаттык шарттардын тез өзгөрүүсүнүн жана калктын муктаждыктарынын өсүшүнүн шарттарында өзгөчө маанилүү – заманбап селекциялык технологиялар кургакчылыкка, жогорку температурага, топурактын шорлануусуна жана башка жагымсыз шарттарга, башкача айтканда, ар кандай кыртыш-климаттык шарттарга туруктуу сортторду түзүүгө мүмкүндүк берет, бул агросистемалардын тышкы чакырыктарга туруктуулугун жогорулатат", - деп белгиледи Төрөбаев.

Ошондой эле ал биздин өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун негизи боло ала турган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы, жогорку продуктивдүү сортторун түзүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Белгиленгендей, конференцияга Россия, Казакстан жана башка бир катар өлкөлөрдүн илимий өкүлдөрү катышып, учурдагы климаттык шарттарда айыл чарбасындагы жаңы ыкмаларды кеңири жайылтуу, колдонуу шарттары талкууланды.