Транспорттон энергетикага чейин: JICA Кыргызстандагы гранттык долбоорлорду улантат

Министрлер кабинети 30 Январь 2026 11:11
697b8162d712e (1).jpeg
697b8176d5cc2.jpeg
697b818570652.jpeg
697b8169bb3a1.jpeg
697b816958c40.jpeg
Алдыга
Артка
697b8162d712e (1).jpeg
697b8176d5cc2.jpeg
697b818570652.jpeg
697b8169bb3a1.jpeg
697b816958c40.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) вице-президенти Йошикава Йошифуми менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгы түзүлгөндөн бери JICA агенттигинин жардамы менен ишке ашырылган долбоорлор тууралуу сүйлөшүлүп, анын алкагында өлкө калкынын бакубаттуулугун жогорулатууга салым кошкон бир катар узак мөөнөттүү демилгелер ишке ашырылганы айтылды.  

Ийгиликтүү жана узак мөөнөттүү кызматташуунун жаркын мисалы катары – “Бир айыл – бир продукт” долбоору, Япония өкмөтүнүн стипендия программасы (JDS) белгиленди.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Япониянын ортосунда транспорт, саламаттык сактоо, энергетика жана адам ресурстарын өнүктүрүү тармагында гранттык жана техникалык жардам көрсөтүү бюнча кол коюлган долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү сүйлөшүлдү.  

Белгилей кетсек, JICA агенттигинин жардамы менен жалпы 43 долбоор ишке ашырылган. Быйыл JICA өкүлчүлүгүнүн Кыргызстанда ачылгандыгынын 25 жылдыгы белгиленет.