Транспорт министрлигине 453 даана атайын техника тапшырылды

Министрлер кабинети 1795 30 Январь 2025 14:46
679b3a761dcd9.jpg
679b3a75f1a44.jpg
679b3a767ff46.jpg
679b3a767f1ea.jpg
679b3a76618e1.jpg
679b3a7661a89.jpg
679b3a7641bcd.jpg
679b3a763d7ba.jpg
679b3a75f21d4.jpg
679b3a75d0e20.jpg
679b3a75d0d69.jpg
679b3a526ca90.jpg
679b3a50e6279.jpg
679b3a505cdad.jpg
679b3a501b929.jpg
679b3a4f0a1df.jpg
679b3a4f04173.jpg
Алдыга
Артка
679b3a761dcd9.jpg
679b3a75f1a44.jpg
679b3a767ff46.jpg
679b3a767f1ea.jpg
679b3a76618e1.jpg
679b3a7661a89.jpg
679b3a7641bcd.jpg
679b3a763d7ba.jpg
679b3a75f21d4.jpg
679b3a75d0e20.jpg
679b3a75d0d69.jpg
679b3a526ca90.jpg
679b3a50e6279.jpg
679b3a505cdad.jpg
679b3a501b929.jpg
679b3a4f0a1df.jpg
679b3a4f04173.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.01.25. / Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып алынган 453 даана жаңы атайын техникаларды тапшырды.  

“Бул жол тармагынын материалдык-техникалык базасын бир топ чыңдап, улуттук долбоорлорду ишке ашырууну тездетет”, – деди Адылбек Касымалиев.

Минкаб төрагасы 2024-жылы жол тармагын каржылоо 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйүп, 22 млрд сомго жеткенин  белгиледи.  

“Бул каражаттар 1000 чакырымдан ашык жолду оңдоого жана курууга, анын ичинде 802 чакырымга асфальт төшөөгө мүмкүндүк берди. Биз ири долбоорлорду баштадык: Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун курулушу, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол, Нарын-Баетов, Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка, Ош - Баткен - Раззаков, ошондой эле туристтик аймактарда инфраструктураны жакшыртуу жана алыскы аймактардагы жолдорду куруу боюнча иштер активдүү иштер жүрүп жатат”, – деди Адылбек Касымалиев.  

Ал ошондой эле жол инфраструктурасын модернизациялоо министрлер кабинетинин ишинин артыкчылыктуу багыты экенин, ал экономикалык өсүшкө, калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана өлкөдөгү социалдык туруктуулукту чыңдоого алып келээрин белгиледи.  

Соңунда минкаб төрагасы жаңы техникалар жол кызматтарына алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарууга шарт түзөөрүнө ишенимин билдирип, жол кызматкерлерин алынган техникаларды жоопкерчиликтүү жана кылдат пайдаланууга чакырды.