Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборуна жетекчилер дайындалды — Кабар

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборуна жетекчилер дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 7 октябрь 2025 18:00
559917163_666788286474952_2328119729002222911_n.jpg
560280883_666789646474816_5532944883552576192_n.jpg
561597789_666789889808125_8130118681170624829_n.jpg
Алдыга
Артка
559917163_666788286474952_2328119729002222911_n.jpg
560280883_666789646474816_5532944883552576192_n.jpg
561597789_666789889808125_8130118681170624829_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин иш башкармалыгы

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директорлугуна Тынычбек Саидов, директордун орун басарлары болуп Тилек Женишев жана Толубай Жакишев дайындалды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, бүгүн президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев аталган борбордун иши менен таанышуу учурунда жамаатка жаңы дайындалган жетекчиликти тааныштырды.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган орган министрлер кабинетинин алдында агенттик макамында иштеп келген. Жакында Иш башкармалыктын балансына өттү.

Каныбек Туманбаев борбордун жетекчилигине жана кызматкерлерине бир катар маанилүү тапшырмаларды койду. Алардын ичинде бардык процесстерди санариптештирүү жана документтерди толук электрондоштуруу, адам факторун жоюу, коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу, ошондой эле коопсуздук деңгээлин жогорулатуу милдеттери белгиленди.

Мындан тышкары, имараттарды модернизациялоо, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана окуу бөлүгүн реформалоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Президенттин Иш башкармалыгынын бащшчысы борбордун эффективдүү иштеши үчүн кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү, шарттарды түзүү зарыл экенин айтып, бул кадам коррупциялык тобокелчиликтерди жоюуга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.