Транспорт ээлерине жаңы мүмкүнчүлүк: Электрондук паспорт алуу тартиби талкууланды

Министрлер кабинети 08 Октябрь 2025 17:17
68e6339a146e5.jpeg
68e6339938bed.jpeg
68e6339856ae3.jpeg
68e633978ce4e.jpeg
68e6339715727.jpeg
Алдыга
Артка
68e6339a146e5.jpeg
68e6339938bed.jpeg
68e6339856ae3.jpeg
68e633978ce4e.jpeg
68e6339715727.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун системасын киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин IT-блогу боюнча директорунун орун басары Нурлан Айдиев долбоордун максаттары, транспорт ээлери жана мамлекеттик органдар үчүн күтүлгөн артыкчылыктар, аныкталган көйгөйлөр жана чакырыктар, ошондой эле аны ишке ашыруунун негизги этаптары жөнүндө толук маалымат берди. 

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргызстан катышкан Евразия экономикалык союзунун мыйзамдары менен техникалык чечимдерди макулдашуунун маанилүүлүгүнө басым жасалды. Зарыл болгон ченемдик укуктук базаны, ошондой эле транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун колдонууну жөнгө салуучу маалыматтык камсыздоону иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди. 

Иштелип чыккан система жарандарга экспорттолуучу жана реэкспорттолуучу транспорт каражаттарына электрондук паспортторду алууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле технологияларды сыноо жана жумуш процесстерин оптималдаштыруу үчүн пилоттук долбоорлорду этап-этабы менен ишке киргизүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.