Трамптын уулу миллиардер болду

Дүйнө Загрузка... 05 Сентябрь 2025 13:22
erik_tramp_ssha_dol.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 05.09.25 /Кабар/. АКШ президентинин уулу, 41 жаштагы Эрик Трамп криптовалюталык майнинг иштетүүчү American Bitcoin компаниясында үлүшү кескин түрдө кымбаттаганынын аркасында миллиардер болду. Бул тууралуу Forbes жазып чыкты.

Эрик Трамп долбоордун тең негиздөөчүсү жана башкы стратегиялык кызматкери. Анын акциялары 3-сентябрда кымбаттап, андан кийин анын үлүшүнүн баасы 950 миллион долларга чейин өскөн.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурун Эрик Трамп өзүнүн президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн мойнуна алган.

"Мен жок деп айтпайм, бирок ооба деп да айта албайм", - деген ал Nikkei Asia менен болгон маегинде.

Ал ошондой эле каржы тармагы ага жакын экенин белгилеген.

Эске салсак, ушул аптада Дональд Трамптын үй-бүлөсү өзүнүн криптовалюталык компаниясы World Liberty Financial WLFI деп аталган жаңы санариптик валютада ачык рынокто соода жүргүзгөндөн кийин бир күндө беш миллиард долларга көбөйгөнү маалым болгон.