Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Дональд Трамптын үй-бүлөсү жаңы "World Liberty Financial" деп аталган криптовалютаны ишке киргизип, бир жуманын ичинде алардын байлыгы 5 миллиард долларга көбөйдү. Бул тууралуу CBS News кабарлады.
"CoinMarketCap"тин маалыматы боюнча, дүйшөмбү күнү жаңы криптовалюта ишкен киргенден кийин WLFI деп аталган криптовалюта болжол менен 40 центке чейин көтөрүлгөн. Шейшемби күнү эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча, токен болжол менен 21 центке түштү . Түштөн кийин 23 центке жетип калыбына келтирилди.
Төмөндө болсо да, Трамптын үй-бүлөсүнүн WLFIдеги үлүшү болжол менен 5 миллиард долларды түзөт, анткени алар 22,5 миллиард токендерге ээ.
"World Liberty Financial"дын маалыматы боюнча, Дональд Трамп жана анын үй-бүлөсү азырынча өз акцияларын сата алышпайт, анткени негиздөөчүлөрдүн токендери жабык бойдон калууда.
WLFI — бул токен болуп саналат, ал анын ээси болгон адамдарга World Liberty Financial компаниясынын башкаруу маселелери боюнча добуш берүү укугун берет, деп билдирет компания.
Трамп президент катары экинчи мөөнөтүндө санариптик активди колдоп, АКШны "дүйнөнүн крипто борбору" кылууну убада кылган.
Буга чейин Трамп өзүнүн криптовалютасын ишке киргизгенин жарыялаган. Сооданын биринчи саатында Дональд Трамптын криптовалютасын капиталдаштыруу 3 миллиард долларга жетип, бир жарым сааттан кийин ал 4,3 миллиард долларга чейин өстү.