Трамп Украина боюнча келишимдин көп элементтери макулдашылганын айтты

Дүйнө Загрузка... 18 Март 2025 12:56
56.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча келишимдин көптөгөн элементтери макулдашылганын АКШнын президенти Дональд Трамп Тruth Social социалдык тармагында билдирди, деп жазды РИА Новости.

«Акыркы келишимдин көптөгөн элементтери макулдашылды, бирок дагы көбү бар», - деп жазган ал.

Америкалык лидер президент Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын кошумчалады.