Трамп эртең Путин менен телефон аркылуу сүйлөшөрүн айтты

Дүйнө Загрузка... 17 Март 2025 23:20
27b6c40e-16d9-499a-a62a-e6c6e2613077.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп эртең, 18-мартта Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшөт. Бул тууралуу Интерфакс билдирди.

Маалыматка караганда, Трамп журналисттерге орус лидери менен сүйлөшөрүн, анда Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу маселеси караларын айткан.

Ошондой эле Интерфакс белгилегендей, Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Россия 1" телеканалынын "Москва. Кремль. Путин" программасына жооп берип жатып, Дональд Трамп менен Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө талкуулана турган маселелерге токтолгон.

Песков да тараптар эки өлкөнүн алакасын, ошол эле маалда Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу маселеси жөнүндө маектешерин билдирген.