Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Бүгүн Түп – Кеген эл аралык унаа жолу жана Каркыра – Турук – Сары-Жаз жолу кардан тазаланып, толук ачылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда жолдордо унаа каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.
Жолчулар жолду кеңейтүү жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле министрликтин атайын техникалары тартылып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чаралары көрүлүүдө.
Белгилей кетсек, 15-ноябрда Түп – Кеген эл аралык унаа жолунун 33-76-чакырымдарында кардын калыңдыгы 30-40 сантиметрге жеткен.
Ал эми Каркыра – Турук – Сары-Жаз жайлоосуна кеткен жолдун 16-чакырымында 40 сантиметр, Түптөн Каркыра айылына чейинки жолдо 10-20 сантиметр кар катталган.
Жол тейлөө кызматкерлер карды тазалоо үчүн күнү-түнү иштеп, унаа каттамын калыбына келтиришкен.