Оштогу "Момун ата" базарынын тегерегиндеги тартип жөнгө салынат

Аймак

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэри "Момун ата" мөмө-жемиш базарынын соодагерлеринин көйгөйүн чечти. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүндө жайгашкан "Момун ата" жеке менчик мөмө-жемиш базары жергиликтүү тургундардын жол кыймылына тоскоолдук жаралып, башаламандык болуп жатканы боюнча нааразычылыгынан улам соодагерлерди башка жакка көчүрүү маселеси каралган.

"Бүгүн буга каршы болгон соодагерлер шаар мэрине кайрылышты. Мэр Жанарбек Акаев алардын өтүнүчүн угуп, маселени эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен чечүү зарылдыгын билдирди. Ага ылайык, соодагерлердин ишмердүүлүгүн улантуусуна шарт түзүү менен бирге, Бирлешкен айылынын тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо жана жол тыгындарын жөнгө салуу боюнча да тиешелүү чечимдер каралары айтылды",-деп айтылат маалыматта.