Манас шаарындагы жаңы муниципалдык базар декабрда ишке кирет

Аймак

Алдыга
Артка

copyright icon Манас шаарынын мэриясы

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Манас шаарында 20 гектардан ашуун аянтта курулуп жаткан жаңы муниципалдык базардын курулуш иштери 95 пайызга аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, декабрь айынын ортосунан эски базарлардагы соода түйүндөрүн көчүрүү иштери башталат.

Бүгүн, 16-ноябрда Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Талант Аким уулу жана базардын курулушун жүргүзүп жаткан "МСК Групп" ЖЧКсынын директору Нурбек Исмаилов жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-тур өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы базардын курулушунун жүрүшү, соода орундарын бөлүштүрүү тартиби жана коомчулукта талкуу жараткан маселелер боюнча кеңири маалымат берилди.

Белгиленгендей, жаңы базардагы соода орундары сатылбайт. Алар учурда эски базарларда иштеп жаткан соодагерлерге гана бөлүнүп берилет. Бул багытта атайын комиссия түзүлүп, учурда соодагерлердин тизмесин тактоо жана аларды жаңы базарга көчүрүү боюнча иштерди алып барууда.

Орундар соодагерлердин учурдагы ишмердүүлүгүнүн багытына жараша бөлүштүрүлөт. Мындан тышкары, дүң соода менен алектенген ишкерлерге жана сезондук мезгилде айыл чарба продукцияларын сатуучуларга өзүнчө соода жайлары каралган.

Жаңы базарга борбордук базардын, ошондой эле "Береке", "Нооруз", "Адилет", "Шабдалызар" жана "Мадумар-Ата" базарларынын соодагерлери көчүрүлөт.

Ошондой эле Курманбек көчөсүндө жайгашкан муниципалдык базар алгач ачылган учурда соода жайлары берилген, бирок кийин базардын ишмердүүлүгүнүн багыты өзгөргөндүктөн соода орундарынан ажыраган 700дөй ишкерге да жаңы базардан орун берүү каралган.

"Жаңы базарда сооданын бардык түрүн жүргүзүүгө жана кардарларды тейлөөгө кеңири шарттар түзүлүүдө. Соода түйүндөрүнөн тышкары, тамактануучу жайлар, 14 банк, унаа жуучу жана акча алмаштыруучу жайлар, ошондой эле башка тейлөө кызматтары иштейт. Базардын аймагына жана имаратынын ичине 1500 коопсуздук камерасы орнотулган. Ал эми кардарлар жана соодагерлер үчүн 2500 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулган",-деп айтылат маалыматта.

Долбоордун буюртмачысы — Манас шаарынын мэриясы. Базар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин негизинде ата мекендик инвестор — "МСК Групп" ЖЧКсы тарабынан курулууда. Ал эми курулуш иштерин кытайлык компания жүргүзүүдө.