Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. 4-ноябрда Ысык-Көлдөн 1,5 чакырым тор жана 20 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Анда белгиленгендей, Тору-Айгыр жана Тамчы айылдарынын акваторияларына рейддер жүргүзүлүп, узундугу 1500 метр эски синтетикалык балык уулоочу торлор жана 20 килограмм таштанды чыгарылган.