Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Өлкөдө жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүү жана мал чарбачылыгынын тоют базасын чыңдоо боюнча программа иштелип чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, республика боюнча 10 млн гектарга жакын жайыт жер бар, анын 180 миң гектары деградацияга учураган.
Жайыттарды калыбына келтирүү программасынын алкагында кунарсыз жерлерге чөп үрөндөрүн себүү, мал жебеген отоо чөптөргө каршы күрөшүү жана жайыттарды кезектешип пайдалануу каралган.
Бул багытта Ысык-Көл облусунда жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүлүп, көрүлүп жаткан иш-аракеттер менен министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу таанышты.
Түп районунун Сары-Булуң жана Ынтымак айылдарынын жакынкы жайыттарындагы кунарсыз жерлерге чөп үрөндөрү механизацияланган ыкма менен себилди.
Мындан тышкары, Түп районундагы Чымынды-Сай, Чаркудук жана Дөңгөлөк-Саз жайлоолорундагы жалпы аянты 12 миң гектарды түзгөн жайыттарды натыйжалуу пайдалануу маселеси каралды.
Аталган жайыттарды пайдаланып келген 97 жайыт пайдалануучуну 2027-жылдан тартып Сары-Жаз жайлоосуна чыгаруу пландалууда. Бул чара 30 жылдан бери пайдаланылбай келген жайыттарды кайрадан чарбалык жүгүртүүгө киргизүүгө жана жакынкы жайыттарга түшкөн жүктү азайтууга багытталган.