Тоо демилгелери бириктирет: Кыргызстан менен Андорра ТИМ башчылары жолукту

Саясат Загрузка... 24 Февраль 2026 10:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Андорранын тышкы иштер жана кызматташтык министри Имма Тор Фаус менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Женева шаарында өткөн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын жана Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегменттеринин алкагында орун алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Андорранын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл туруктуу тоо өнүгүүсү жаатындагы салттуу тыгыз өнөктөштүккө, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагындагы өз ара мамилелерди чыңдоого бурулду.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын эл аралык демилгелери тууралуу, анын ичинде 2027-жылдын октябрь айында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Экинчи глобалдык тоо саммити жөнүндө маалымдады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тышкы саясий ведомстволордун башчылары эки тараптуу байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.