Нарындын бийик тоолорунда жашоо сыртынан кооз жана тынч көрүнөт. Бирок, анын артында күн сайын кайталанган оор түйшүк жатканын көпчүлүк аңдай бербесе керек.
Табылды Асаналиев бала кезинен малда жүрөт. Учурда 40 жашта. Анын күнү короодогу жандыкка чөп салуудан башталат. Бодо малын жайлап бүткөн соң, ал шашып тоону көздөй жөнөйт. Ал жакта анын топоздору жайылып жүрөт. Кыштоонун жашоочулары негизинен уй, жылкы жана топоз кармашат. Ал эми Табылды Асаналиев акыркы алты жылдан бери жалаң гана топоз багууга өткөн. Себебин төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

“Башка малдай болуп, топозго чөп чаап, алдына салып бербейсин. Буларды тоого айдайсын, ошол жакта өзү менен өзү жүрө берет. Күзүндө ургаачы топоздорду байытып, мамалактарды бөлөбүз. Ошол маалда мамалактарга чөп беребиз. Биз бийик тоолу аймакта жашагандыктан, аба ырайы туруктуу болбойт. Анда-санда калың кар түшүп, мал өзү тамактана албай калган учур болот. Ошол кезде да топоздордун алдына чөп салууга туура келет”, - дейт Нарын облусунун Бел-Сары-Булак кыштоосунун жашоочусу Табылды Асаналиев.

Жаз келип, кардын ээриши чабандарга бир аз болсо да жеңилдик берет. Бирок, дал ушул маалда туут күчөйт. Демек, жумуш да көбөйөт. Топоз жапайы мүнөз жаныбар. Мамалагын кызганып, коргогон кезде өзгөчө агрессивдүү болот экен.
“Топоздун бир жакшы жери бар. Аябай баласаак болот. Мамалагын адамдан, иттен, айтор ким болбосун коруй берет. Чыгаан топоздор карышкырга дагы алдырбайт. Ал чабандар үчүн чоң жардам”, - дейт ал.

Топоз багуу - чоң жоопкерчилик жана тобокелдик. Мал тоодо жайылып жүргөн кезде, күтүлбөгөн жерден ит-куш кол салышы мүмкүн. Ал эми чабан дагы күн сайын ак кар, көк муздун үстүндө жүрөт. Кээде кооптуу кырдаалдарга дагы кабылат.
“Топоз багуу жеңил көрүнгөнү ме га сайылып өлөт. Катуу суукка туруштук бере албай, кыйраган учур болот. Катаал аба ырайында мал такыр каралбай калат. Себеби, бурганакта жол көрүнбөйт, ат менен бастыра албай каласың. Керек болсо малчы өзү күрткүгө түшүп кетет. Биздин тиричилик мал менен. Аны сатабыз, оокат-жай, кийим-кечек, тамак-аш алабыз. Балдарды окутабыз. Иши кылса, эл катары жашоодо жашап келе жатабыз”, - дейт малчы.

Каарманыбыз мал артынан жүргөн кезде, үйдө дагы тиричилик токтобойт. Үй кожойкеси күн сайын алыстан суу ташыйт, от жагат, уй саайт. Тоо шартында аялдар үчүн да жашоо жеңил эмес дейт. Жолдошу келген маалга тамагын белендеп, жылуу үйдө тосуп алат экен.
“Кечке үй тиричилик менен алек болом. Үй жыйнайм, тамак жазайм, уй саап, каймак-май жазайм. Коноктор көп келет. Алар менен алек болобуз. Бизде жашоо жакшы. Аба таза, жегенибиз табигый таза азык. Малдын сүтүн ичип, этин жеп, үзүрүн көрүп жатабыз”, - дейт каарманыбыздын жубайы Кундуз Кубанычбек кызы.

Бийик тоолор. Таза аба. Кооз табият. Бирок бул кооздуктун артында — оңой эмес жашоо жатат. Жана бул — бир эле үй-бүлөнүн эмес, тоодо жашаган көптөгөн чабандардын күнүмдүк турмушу.