Токтогул шаарынын мэри өз каалоосу менен кызматтан бошотулду

Кадрлар жана дайындоолор 3 ноябрь 2025 12:12
Токтогул шаарынын мэри өз каалоосу менен кызматтан бошотулду

Бишкек, 03.11.25 /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Токтогул шаарынын мэри Максүтбаев Болот Дыйканович өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

Мэриядан билдиришкендей, Болот Максүтбаев өз ишмердүүлүгүн административдик-аймактык реформадан кийинки татаал мезгилде шаардагы процесстерди жөнгө салуу менен баштап, бир катар алгылыктуу иштерди аткаруу менен шаар турмушунун жакшыруусуна өз салымын кошту.