Бишкек, 12.02.25. / Кабар/. Токтогул ГЭСинин дагы бир агрегаты 1-марттан тартып реконструкцияга берилет. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, учурда Токтогул ГЭСиндеги жабдыктардын баары 100%га жаңыланды. Аталган агрегаттын ишке кириши менен Токтогул ГЭСи толугу менен жаңыланып дагы 40-50 жыл иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
“ Үч жылдан бери үч агрегат оңдоодон өтүп, ишке кирди. Ар бир агрегатка 60 мегаватт кошулуп атат. Эгерде бир агрегат буга чейин 300 мегаватты берип келсе, эми ар бир агрегат 360 мегаватты берип жатат. Буга чейин жалпысынан 1200 мегаватт кубаттуулукту берген болсо, эми кубаттуулук 1440 мегаватт болот”, - деди министр.
Министр белгилегендей, мындан сырткары учурда Үч-Коргон ГЭСи дагы реконструкциядан өтүүдө.
“Бул жерде дагы төрт агрегат бар. Былтыр бир агрегатын реконсрукциядан өткөргөнбүз. Быйыл дагы мартта экинчи агрегаты оңдоого берилет. Үч жылдын ичинде төрт агрегат тең оңдоодон өтөт”, - деди ал.