Токмоктогу дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводго көчөттөр отургузулду

Экология 3512 02 Апрель 2026 16:55
WhatsApp_Image_Rf4mGXb.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_zCRNwWB.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_T5rKNLe.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_2Acw5Mj.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_CCTfcOi.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_dUGzoRL.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кумтөр

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. “Кумтөр Голд Компанинин” директорлор кеңешинин жана башкармалыгынын мүчөлөрү Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводго инспекция жүргүзүп, долбоордун иши жана өнүгүү келечеги менен таанышты. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда долбоордун экологиялык мааниси талкууланды. Компаниянын жетекчилиги заводдун кызматкерлери менен бирге аймакты жашылдандыруу иштерине катышып, ак кайың жана балатынын көчөттөрүн отургузушту.

Директорлор кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов белгилегендей, компания өндүрүштү өнүктүрүү менен катар айлана-чөйрөнү коргоого өзгөчө көңүл бурат.

“Жакынкы жылдары бул жер кооз жана жайлуу аллеяга айланып, шаар тургундары үчүн жагымдуу эс алуу жайына айланат деп ишенем", – деди ал.

Учурда завод тесттик режимде иштеп жатат.