Токмок шаарында Ислам академиясы ачылат - президент

Президент Загрузка... 11 Сентябрь 2025 13:25
DOS_7691.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.09.25 /Кабар/. Токмок шаарында жакынкы күндөрү Ислам академиясы ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин диний лидерлеринин делегациясы менен жолугушуу учурунда билдирди.

Президенттин айтымында, Ислам академиясы диний сабаттуулукту жогорулатуу жана диний кызматкерлердин билимин арттыруу, кайра даярдоо максатында ачылмакчы.

Садыр Жапаров ошондой эле жарандардын дин тутуу эркиндигин камсыздоо максатында жаңы мыйзам кабыл алынганын кошумчалады.