Токиодо Садыр Жапаров менен Санаэ Такаити сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент 1491 20 Декабрь 2025 15:55
599946897_1426235902844373_2573617335259639191_n.jpg
603866491_1426236429510987_1693652195965332508_n.jpg
599942463_1426236402844323_911821523261098692_n.jpg
602382576_1426236326177664_3410925564446865561_n.jpg
602316802_1426236106177686_1477154237323265950_n.jpg
602912475_1426236056177691_3946689088897111266_n.jpg
601929295_1426235816177715_3762658307680384083_n.jpg
599923242_1426235962844367_4000140816188326736_n.jpg
Алдыга
Артка
599946897_1426235902844373_2573617335259639191_n.jpg
603866491_1426236429510987_1693652195965332508_n.jpg
599942463_1426236402844323_911821523261098692_n.jpg
602382576_1426236326177664_3410925564446865561_n.jpg
602316802_1426236106177686_1477154237323265950_n.jpg
602912475_1426236056177691_3946689088897111266_n.jpg
601929295_1426235816177715_3762658307680384083_n.jpg
599923242_1426235962844367_4000140816188326736_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өлкөнүн премьер-министри Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү, өз ара сооданы жана инвестицияны көбөйтүү, туруктуу жана "жашыл" энергетика тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле спорт жана туризм тармагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери талкууланды.

Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити Кыргызстандын президентинин сапарын колдоп, эки жактын ортосундагы ар тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал сапардын жүрүшүндө кол коюлган документтерди, анын ичинде кош салык салууну жоюу боюнча келишимди жана JICA линиясы боюнча бир катар документтерди жогору баалады.

Санаэ Такаити мыйзам үстөмдүгүн урматтоого, эркиндикти камсыздоого жана туруктуу кызматташтыкты чыңдоого негизделген ар тараптуу өнөктөштүктү ырааттуу өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров "Борбордук Азия + Япония" Диалогунун саммитине чакыргандыгы, ошондой эле көрсөтүлүп жаткан жылуу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы 2023-жылы Японияга болгон биринчи расмий сапарын өзгөчө жылуу сезимдер менен эскерерин, анын жүрүшүндө тараптар жаңы доордогу ар тараптуу өнөктөштүктүн башталышын биргелешип жарыялаганына өзгөчө токтолду.

Президент ошондой эле Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көбөйүшүн канааттануу менен белгиледи. Буга байланыштуу президент соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн тиешелүү экономикалык ведомстволордун биргелешкен ишин активдештирүүнү сунуштады.

Мамлекет башчысы ошондой эле туруктуу энергетиканы жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү Кыргызстандын негизги артыкчылыктарынын бири экенин айтты.

2030-жылга чейин өлкө "жашыл" электр энергиясын өндүрүүнү кыйла көбөйтүүнү жана ири энергетикалык объектилерди, анын ичинде “Камбар-Ата - 1” ГЭСин ишке киргизүүнү көздөөдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Япония өкмөтүнө жана элине көп жылдык колдоосу жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Япония эл аралык кызматташтык агенттиги менен кызматташуунун олуттуу натыйжаларына, ошондой эле кадрларды даярдоо программаларынын маанилүүлүгүнө токтолду, анын аркасында бүгүнкү күндө көптөгөн бүтүрүүчүлөр жооптуу мамлекеттик кызматтарды ээлеп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууда. Буга байланыштуу JDS стипендиялык программасы боюнча квотаны көбөйтүүгө үмүт артылды.

Өз кезегинде премьер-министр Такаити Кыргызстан менен Япониянын ортосунда соода, экономика, маданият жана адам ресурстарын алмашуу боюнча өкмөттөр аралык комиссияны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле жашыл энергетика, маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект жаатында кызматташууга даярдык билдирилди.

Япониянын премьер-министри жаратылыш кырсыктары тууралуу эрте эскертүү маселелеринде кызматташуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Япониянын премьер-министрин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Президент Садыр Жапаров менен Япониянын премьер-министри Санаэ Такаитинин Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты биргелешип түзүү максатында мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү;

- киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана качуунун алдын алуу жөнүндө Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы макулдашуу;

- Кыргызстан менен Япониянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2026-2027-жылдарга кызматташуу программасы;

- КР министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосунда нота алмашуу жолу менен түзүлгөн "Кыргызстанда электр тармагын эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча окуу борборунун потенциалын чыңдоо" долбоору боюнча макулдашуу жана КР министрлер кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул долбоор боюнча гранттык макулдашуу.

- КР министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосунда нота алмашуу жолу менен түзүлгөн «Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы» долбоору боюнча (Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана илимий жабдууларды сатып алуу) макулдашуусу жана Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул долбоор боюнча гранттык макулдашуусу;

- КР министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосунда Кыргызстандын түштүк регионунун аймактык ооруканаларынын медициналык жабдууларын жакшыртуу» долбоору боюнча нота алмашуу жолу менен түзүлгөн макулдашуусу жана КР министрлер кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул жолбоор боюнча гранттык макулдашуусу;

- КР министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосунда “Бишкек-Ош автомобиль жолундагы Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)” долбоору боюнча нота алмашуу жолу менен түзүлгөн макулдашуусу жана КР министрлер кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул долбоор боюнча гранттык макулдашуусу;

- КР министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосунда нота алмашуу жолу менен түзүлгөн «Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (Жабдуулары бар эки медициналык контейнерди/дөңгөлөктүү диагностикалык кабинеттерди берүү)» долбоору боюнча макулдашуусу жана КР министрлер кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул долбоор боюнча гранттык макулдашуусу;

- КР министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосунда нота алмашуу жолу менен түзүлгөн “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программасы (JDS программасы)” долбоору боюнча макулдашуусу жана КР министрлер кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул долбоор боюнча гранттык макулдашуусу.