Бишкек, 23.07.26 /Кабар/. Япониянын борбору Токиодо аптаптуу ысыктан жабыркаган 261 адам ооруканага жаткырылды. Ошондой эле тез жардам кызматына түшкөн чакыруулардын саны рекорддук деңгээлге жеткенин Kyodo агенттигине таянып, Казинформ маалымдады.
Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде тез жардам кызматтарына 3миң 454 кайрылуу катталган. Бул 1963-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан статистикадагы эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет. Ал эми ооруканага жаткырылгандардын саны 2022-жылдан берки эң чоң көрсөткүч болду.
Дарыгерлердин айтымында, ысык аба ырайынан кийин дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, өзүн начар сезген адамдардын саны кескин көбөйгөн. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгүн улгайган жарандар түзгөн. Алардын арасында 55 адам 80 жаштан жогору болсо, 53ү 70 жаш курагында. Ошондой эле 50 жаштардагы 27 адам ооруканага кайрылган.
Япониянын Метеорология агенттигинин маалыматына ылайык, Токионун борборунда абанын температурасы 36,4 градуска чейин жеткен. Өлкөнүн айрым аймактарында болсо аба ырайы эки күн катары менен 40 градустан ашты.
Ошондой эле аптаптуу ысыктан Тотиги префектурасындагы Отаварa шаарында 84 жаштагы адамдын көз жумганы кабарланууда. Ал пластикалык күнөсканадан эс-учун жоготкон абалда табылып, ооруканага жеткирилгенине карабастан каза болгон.
Экстремалдуу ысык спорттук мелдештерге да таасирин тийгизди. Сайтама шаарында бейсбол боюнча төмөнкү лиганын бир беттеши толугу менен токтотулса, дагы бир оюн төртүнчү иннингдин ортосунда үзгүлтүккө учурап, жыйынтыксыз деп табылды.
Япониянын Метеорология агенттиги жарандарды күндүн ысык маалында сыртта көп жүрбөөгө, жетиштүү суу ичүүгө жана ден соолугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырууда.