Тогуз-Тородо суулардын жээги бекемделүүдө

Коом
Тогуз-Тородо суулардын жээги бекемделүүдө
copyright icon www

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда суунун нугун жөнгө салуу максатында 250 метр узундуктагы коргоочу шпора курулууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш иштерине атайын техникалар тартылган.

Бүгүнкү күнгө карата 210 метр узундуктагы коргоочу шпоранын курулушу аяктап, калган бөлүгүндө иштер улантылууда.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын натыйжасында 200гө жакын турак үйдү, айыл чарба жерлерин, 2,5 чакырым унаа жолун жана аэропортту суунун каптоо коркунучунан, ошондой эле дарыянын жээгинин жуулуп кетишинен коргоо пландалууда.