Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. Түндүк Македониядагы өрттө 50дөн ашык адам көз жумду. Бул тууралуу Интерфакс жергиликтүү А1 телеканалы кабарлаганын билдирди.
Маалыматка караганда, дем алыш күнү Кочани шаарында бий аянтчасында өрт чыккан.
Өлкөнүн ички иштер министри Панче Тошковски алдын ала маалыматтар боюнча, өрт пиротехникалык каражаттын учкунунан тутанганын айтты. Тилсиз жоонун айынан 50 адам каза таап, 100дөн ашыгы жабыркаган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.