Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Вена эл аралык борборунда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) башкы директорунун орун басары Фату Хайдара менен жолугушту.
Маалыматта айтылгандай, анда өнөр жайды өнүктүрүү, инновациялар, чакан жана орто ишканаларды колдоо, туруктуу индустриялаштыруу жана инклюзивдик экономикалык өсүш сыяктуу тармактарда ТМУ менен ЮНИДОнун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.
Башкы катчы өнөр жай кызматташтыгы жана инновациялар ТМУнун экономикалык күн тартибинин негизги багыттары экенин белгилеп, институттук диалогдорду конкреттүү жана натыйжага багытталган кызматташтыкка айландыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.