ТМУ саммити: Бир катар документтерге кол коюлду

Президент
ТМУ саммити: Бир катар документтерге кол коюлду
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту:

  • Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитинин декларациясы;
  • Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени” менен сыйлоо жөнүндө чечим;
  • Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысын дайындоо жөнүндө чечим;
  • Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;
  • Түрк академиясынын президентин дайындоо жөнүндө чечим.